super.kg logo

"Кеңеш" тобунун ырчысы: "Ал кыз Мүзүр экөөбүздүн мамилебизди суутуп, бири-бирибизден алыстатып салды"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соӊ "Кеңеш" тобунун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, топтун чыгармачылыгына кызыккан окурмандар суроолорун узатып, жооп алса болот. Ошондой эле аталган топтун "Мага арман" ырына тартылган жаңы клибинин бет ачары да дал ушул түз эфирден орун алмакчы.

Суроолорду +996 557 75 63 63 WhatsApp аркылуу жиберсеӊиздер же түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот. Кызыктуу суроо берген окурмандарды атайын даярдалган белектер күтөт.

15:00 "Кеңеш" тобунун мүчөлөрү кечигишүүдө.

15:25 "Кеңеш" тобу SUPER.KG'нин кеңсесине кирип келишти.

15:28 Алып баруучу топтун мүчөлөрүнө ойготуучу суроолорун берди. 20 суроонун 14үнө туура жооп кайтарышты.

15:30 Топ Мүзүр Мамбетов тарабынан негизделген. "Топту армиядан келгенде негиздегем. Кийинки жылы 10 жылдыгын белгилейбиз" дейт топтун жетекчиси.

15:34 Күйөрмандарынын үй-бүлө тууралуу берилген суроолоруна жооп берип жатышып, балдары таята-таенелеринин колунда экенин айтып беришти. Ошондой эле балдары 5 убак намаз окуп, дин жолуна түшкөнүн кошумчалашты.

15:33 "Солистка керек деп Алим Токторовдон угуп калып Мүзүр иштеген кафеге барсам, "ырдай албайт экенсиң, бара бер, карындашым. Сендей кыздардын мага миллиону келет" деп койгон. Кийин баш кошкондо ар кайсы кыздарды алып келип жатышты, а мен аларга тамак жасап, кызганчумун. Кызганычтын айынан ырдап кеттим десем болот", - дейт Гүлмира Шарипова.

15:42 "Нике кайып" деген ырыңызды "а" тамгасы жок ырдап бериңизчи" деген күйөрманынын суранычына, мындай жооп беришти.

"Биздин ырларыбыздын генералы - "Нике кайып". Андыктан бул ырды шылдыңга албайбыз", - дешти алар.

15:45 Мүзүр Мамбетов үй-бүлө тууралуу суроолорго жооп берип жатып, эгер казан-аяк кагышып кетсе, жубайы биринчи алгачкы кадамды жасай турганын айтты.

15:47 "Экөөңүздөрдү ажырашып кетти деп айтып жүрүшөт, буга Мүзүр байкенин ала жипти аттаганы себеп болуптур" деген колдонуучунун суроосуна Гүлмира айым жооп берди.

"Биздин үй-бүлөбүздү бузгусу келгендер абдан көп болду. Жеке жашообузду элге айтып, жарыя кылганга милдеттүү эмеспиз. Албетте, жашоодо өйдө-ылдый болуп турат. Эгер мен 100 кишинин алдында Мүзүрдүн абийирин ачсам, эртең Алла Таала менин абийиримди ачат. Мындан улам ашыкча сүйлөгүм келбейт. Ала жипти аттаса аттай берсин, ал эркек да", - деп тамаша иретинде жооп берди.

Ал эми Мүзүр "сабырдын түбү сары алтын, кандай гана кыйынчылык болбосун сабыр менен жеңүү керек" деди.

15:54 "Жубайыңызды кызганасызбы?" - деген суроого мындай деп жооп берди.

"Аял киши кызганса болот, эркектерге кызганган жарашпайт. Бирок кээде тойлорго барганда эркектер Гүлмиранын жанына келсе, жиним келип кетет. Өткөндө бир тойдо мас адам жанына башкача бийлеп жакындап келе жатат. Акырын барып алдын тосуп койсом, көп адамдар жаман ойлоп калышты. Кийин тойдон соң ал байке жаныма келип, "иним, кечирип кой, мен мас элем" деп кечирим сурап кетти", - дейт Мүзүр Мамбетов.

15:57 "Кеңеш" тобунун эксклюзив "Мага арман" ырынын клиби элге тартууланууда.

16:02 Суроо: Үй-бүлөңүздү бузууну каалагандар бар окшойт?

"5-6 жылдан бери бир кыз смс билдирүүлөрдү жаза берчү. Мага эле эмес, жубайыма да ар түрдүү каттарды жибере бергендиктен, бир күнү чалып "жубайым, мен, сен үчөөбүз жолугалы. Сенин ким экениңди билели, таанышалы" десем жок болуп кетти. Муну атайын эле бизге өчөшкөн бирөө кылабы же бекерчилердин оюнубу билбейм. Бирок мен ажырашууга жол бербейм", - деди Мүзүр Мамбетов.

Сөзгө жубайы да кошулду.

"Мындай окуялар экөөбүздүн ортобуздагы мамилени суутуп салат экен. Мүзүр кээде ыйлап "эмнеге мага эмес, ошол кызга ишене бересиң?" десе да болбой ошого эле ишене берчү элем. Бир жолу Мүзүр экөө телефон менен сүйлөшүп жатышыптыр. Мен колунан телефонду жулуп алып, алсам "Гүлмира, Мүзүргө берип койчу" деди. Ошондон кийин абдан көңүлүм калып, Мүзүр экөөбүздүн мамилебиз алыстап кетти", - деди ал.

16:10 "Кеңеш" тобу ямаханын коштоосунда жандуу үн менен "Сирень гүлү" ырын аткарышууда.

16:18 Суроо: Ырларыңыздын обондору окшош. Соңку ирет көрүнбөй калдыңар, эргүүңөр түгөндү окшойт?

"Мен антип айтууга жол бербейм. Обондорубуздун окшоштугу менен биз "Кеңеш" тобу болуп жүрөбүз. Ар бир чыгармачыл адамдын өзүнүн стили болот. Обон чыгаруу оңой эмес, Мүзүр бир обонду жаратуу үчүн түнү менен көзү кызарып отуруп, араң чыгарат. Жакпаса укпай эле койсоңуздар болот", - деди топтун мүчөсү Гүлмира Шарипова.

16:20 Суроо: Мүзүр байке, сизди жаш кыз менен жүрөт жана ага машинасын да айдатып алат дешет, ушул чынбы?

"Мен рулду кайнатам менен иниме эле берем. Алардан башка эч кимге ишенбейм" дейт Мүзүр Мамбетов.

16:24 Түгөйлөр алып баруучулар даярдаган "Алфавит" оюнун ойноп жатышат.

16:28 Суроо: Мүзүр досум, алтын тиштин модасы бүткөнүн билсең керек, башка тишке алмаштырбайсыңбы?

"Мен бул суроону көп адамдардан уккам. Чынында мен тиш койдурган кезде алтын тиш мода болчу. Андыктан туулган күнүмө апам алтын сөйкөсүн белек кылып, "тиш салдырып ал" деген. Мындан улам бул тиш апамдан калган баалуу белек", - деди Мүзүр Мамбетов.

16:31 Суроо: Үйүңөрдү сатып батирде жүрөт дешет?

"Үйүбүздү сатсак эле батирден батирге көчүп жашай бергендей биз жаңы баш кошкон жубайлардан эмеспиз. Учурда батирибиз эмес, батирлерибиз бар" деди ал.

16:35 Түгөйлөр тойдогу кызыктар тууралуу айтып берүүдө.

"Биз абдан көп жолу алданганбыз. Бир жолу Баткенде бир той ээси бизди 2 500 долларга чакыртыптыр. Бирок уюштурган адам акчаны өзү алып, бизге 500 доллар гана берген. Биз аны кийин той ээсинин өзүнөн угуп, абдан таң калганбыз", - деп жооп берди Гүлмира Шарипова.

16:40 Суроо: Гүлмира эже, сизди маркетинг менен иштеп, банкрот болуптур дешет?

"Мен өзүм банкрот болгон эмесмин, бирок менин алдымда иштеген адамдар калып кетишти окшойт. Маркетинг деген оңой эмес экен", - деди ал.

16:43 "Бири-бириңерге сүйүүңөрдү билдирип, өбүшүп койгулачы" деген колдонуучунун суранычы боюнча, Мүзүр Мамбетов жубайынын бетинен өөп, аны жакшы көрө турганын айтты.

16:45 Жубайлар ямаханын коштоосунда жандуу үн менен "Карагат" ырын аткарышууда.

16:48 "Кеңеш" тобу өздөрүнө жаккан суроо берген окурманды тандашты.

16:50 Күйөрмандардын суроосу боюнча кайрадан жандуу үн менен "Аярым" ырын аткарышууда.

17:00 "Кеңеш" тобунун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





"Эркек киши ала жипти аттаса боло берет" дейт "Кеӊеш" тобунун ырчысы Гүлмира

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(33)
02.08.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саламатсыздарбы? Эгер сыр болбосо бири бириниздерди кантип эркелетесиздер?
02.08.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыз мурун ырдап жүргөн кыздан башкабы же өзгөрүп кеткенби
02.08.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женем менен кантип тааныштыныз эле Музур байке?
02.08.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ыр чыгарманы таштап. Динге берилип кетпединер беле
02.08.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздер суйуу жонундо коп ырдайсыздар. Сиздер учун суйуу деген эмне?
02.08.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музур мырза апанызга жана аялынызга берген кымбат белектер жана анын баалары
02.08.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу жашоо учун биринчи кезекте эмне маанилуу деп ойлойсуздар?
02.08.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула,бекем болгула
02.08.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саламатсыздарбы, Музур, Гульмира! Сиздер азаматсынар! Ким эмне десе дагы моюн бербей иштей бериниздер. Кызыктырган алмага таш ыргылат демекчи. Сиздер жонундо соз, сын айтылса, демек силер кызыксынар эл учун. Гульмиранын унун индиялык ырчылардыкына окшош. Уккана индия киносуна тушуп калгандай болосун! Биз сиздерди жакшы коробуз! Ашыкмын
02.08.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда силерди жакшы кором!Бирок азыр ырга кызыкпай динге кызыгып калганмын.Силерге эки дуйно бактылуулук каалаймын!Мындан бул жагына силерда намаз окуп калгыла!Куран жаттап айта турган болсонор унунор укмуш кооз жакшы болмок!
02.08.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйоону эч кимге бербе!Кыз мн жургонун корсонда
02.08.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу кыз ништяк экен,кантип таанышсак болот
02.08.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулмиранын жини оло тез келет Инстаграмда да кичине эле башкача суроо берсе жакпаса чыгып кет деп жини келип кетет.Башка ырчылар кулуп Гана кутулат ко.
Медиа-портал
02.08.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Музур Гулмира бактылуу болгула!!!!
02.08.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жамгырда жаанга калып
Гул десте кармап алып
Келе жатканын карачы...деген ыры жагат да
02.08.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооа тим эле аялы озун женифер Лопес сезип алдыго))Экоосунун жооптору бири бирине коошпой жататко, 5,6 ж смс жазып журуп чакырса келбей койду, жоголуп кетти десе бири телфеонду жулуп алдым суйлошуп отурганда деп. Музур байке ырдай албайт деп туурале айткан экен, чыйылдап кулак мээни жеп салат уну.
07.08.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,Коруп отуруп ырдаган жерине келгенде боорум ооруп кетти ырдап башташканда,озгочо аялы ырдаганда...Чыйылдай берет кулакты оорутуп..Уялбай ырчыбыз деп алгандарыначы,иииий бетиииим. Композитор дегенде тааакыр эле очтум. Бооолду ушу жерден видеону очурдум, нервимди жалко.
02.08.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы эже сизге эле жалко э,Музур байке дайыма кайырмасын ырдатып коёт.
Медиа-портал
02.08.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулмиранын уну бар эле болгону билим алып ,койсо мурункудан да жакшы ырдап калатго дейм.Гулмира менен Музур негизи бактылуу уй було балдарынын бактысына аман болушсун!!!
02.08.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялы жашарып,сулуу болуп кетиптир.
Бирок уну ото эле ичке...
SUPER.KG видео
03.08.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Апеей,мне комментарий аз,Анжеликанын фанаттары биякка келгиле
Медиа-портал
03.08.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болунуздар. Анча мынча нерсеге коз жумуп, балдарынар учун жашаганыр жакшы.
SUPER.KG видео
03.08.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аялы кооп,кутуруп калгандай. Жакпаса укбай элё койгула бизди,бир эле квартирабыз эле бар эмес,КВАРТИРАЛАРЫБЫЗ бар деп. Ансыз деле эч ким укпаса керек бул дуэтти. Неинтересно.
03.08.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коментарийге жазган суроолорго жооп берет имиш
SUPER.KG видео
04.08.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гулмира эмне деп айтканын эркек ала жипти аттаса боло берет деп ушу дагы созбу уялсан болмок сеникине боло берсе болот турбайбы озун повод берет экенсин да эмне эле Музур жаш кыздар менен коп журот десе озун уруксат берет экенсин да ырас кылат сени чала болот сага озун уруксат берип алып ыйлабай жур да анда.
SUPER.KG видео
04.08.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эркек ала жипти аттаса боло берет деп акылсыз аялдын созу!Силерге окшогон аялдар ошого татыкттуу.Харам нерсени жашоого аралаштырбаш керек.Ааллахтан коркула.
SUPER.KG видео
05.08.2017. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сонун маек болуптур жандуу ырдаганда да ундорунор сонун экен. Гулмира бир аз оорурак болсонуз жакшы болсо керек. Келбетинизден оор басырыктуу ордунда создун берметин таап суйлогон аялдай коруносуз ошого айтканым ашыкча кыймылды да алып салсаныз тура го деп ойлойм.
Медиа-портал
05.08.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Музур оор басырыктуу,токтоо!Гулмира озгоруптур же мурун эле ушундай женил ойлуу беле,куйоосунун ала жипти аттабасына козу жетет да ошон учун,суйлоп жатат!Аял киши акчаны эркектен эки эсе коп тапса дагы,эч качан эркектен бийик суйлобош керек деп ойлойм!
nurzada78 түзөттү 2017-08-05 02:06:58
Медиа-портал
08.08.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур. Ишинерге ийгилик. Ырларынан озгочо стильде, ошону менен озгочо
SUPER.KG видео
10.08.2017. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулмира эже супер красавица. Уну жок десе такыр эле ырдай албайт дептирмин. Вокалдан билим алса мындан да сонун ырдайт деп ойлойм. Ылайым ырыскынар эч качан ажырабасын. Ырларынардын баарын суйуп угам.
Медиа-портал
14.08.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sopsonun ele uibuloo.ui buloodun buzgusu kelgerderdi Allax jazalait.kyrgyzdar uwunchalyk koralbas ic kyiduluktu tawtasak
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: