super.kg logo

Бишкекте "таксистти 19 жолу бычак сайып өлтүрүп анын унаасы менен жүргүнчү ташып жүргөн" деп эки адам кармалды

 

Таксистти 19 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип 2 адам кармалганын Чүй ОИИБинен билдиришти. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун айтымында, кармалгандар таксисттин унаасы менен кийин жүргүнчү да ташып жүрүшкөн. Ал эми маркумдун мурда милиция кызматкери болгону айтылууда.

Маалым болгондой, 1-августта түнкү саат 03:30 чамаларында Бишкек-Ош унаа жолунан Чүй облустук Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны башкарып бара жаткан адам милиция кызматкерлерине орой сүйлөп, каршылык көрсөткөн. Милиция кызматкерлери унааны текшерүүгө алганда унаанын ичинен бычак жана медициналык кол кап табылган. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, өзү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип суракка алган учурда ал таксистти өлтүргөнүн моюнуна алган.

"Таксистти өлтүрдүм" деп кармалган 23 жаштагы адам өз сөзүндө 31-июлдан 1-августка караган түнү 29 жаштагы таанышы менен Бишкек шаарынан таксистти токтотуп түштүк магистраль тарапка айдатышкан. Бирок шектүү алдын ала даярданып таксисттин моюнуна жана ичине бычак сайып, телефонун, унаасын тартып алышкан.

Качып кетүү максатында аны Кой-Таш айылы тарапка алып барып сууга ыргытып, сууга агып кетти деген ойдо кетип калышкан. Каза болгон адамдын жансыз денеси сууга жетпей эле жарга барып такалып туруп калган экен. Андан кийин анын унаасы менен "Манас" аэропортуна 3 жүргүнчү алып барып кайрылып келе жатканда колго түшүшкөн. Өлтүргөн адам Өзбекстандын жараны болуп чыкса, анын жанындагы адам Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты. Экөө тең курулуш тармагында жөнөкөй жумушчу болуп иштешчү экен", - деди Токтосунов.

Каза болгон жаран ИИМдин академиясынан билим алып, Биринчи Май РИИБинде иштеген. 2011-жылы өз каалоосу менен жумуштан бошотулуп, жеке иштери менен алек болуп жүргөнү айтылды.

Кармалгандарга карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
02.08.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне деген гана адамдардын арасында жашап жүрөбүз.
02.08.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meku89, monok2001, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 2 күндөн БАН!
02.08.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы текшерип калышганы молодцы
02.08.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүм жаза колдонулушу керек мындайларга!
02.08.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба адам өлтуруу канкорлорго оной экен да, женил жашоону ойлогон акмактар ,
02.08.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек-Ош жолунда кармалыштыбы же Манас аэропортунан кайтып келе жатыппы?
04.08.2017. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ишке колу барган экобунун колдорун балта менен чабып салыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: