super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 2-АВГУСТ: Үч жыл мурун ырчы, обончу, композитор Токон Эшбаев каза болгон

 

Үч жыл мурун кыргыз эли кайталангыс талант Токон Эшбаевден айрылган. Ырчы, обончу, композитор узакка созулган оорудан улам 2014-жылы 2-августта көз жумган. Ал 64 жашта эле. Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн айылында 3-август күнү жерге берилген.

2015-жылы 1-августта Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылына обончу жана аткаруучу Токон Эшбаевдин эстелиги тургузулган.

Токон Эшбаев 1950-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. Студент кезинде "Ай, эжеке" деген ыры менен таанылган.

1992-жылы Эмгек сиңирген артист наамына, 2011-жылы Эл артисти деген наамга татыган. Токон Эшбаевдин "Жаштык", "Кызыл желек", "Ай, эжеке", "Атама", "Актилек", "Чаткалым", "Ак көйнөкчөн аппак кыз" өңдүү жүздөн ашуун обондуу ырлары Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган.

2-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: