super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Жанымда ишеничтүү, жакын адамым болсо, ага болгон сырымды айтып жеңилдей алсам кана"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Дал ушул учурда жаныңызда ким болсун дейсиз?" аталышындагы тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Азыр жанымда жакын досторум болуусун каалайт элем. Себеби айлана чөйрөдөгү жасалма достордон чарчадым. Өзүмдүн досторум болсо чер жазышып сүйлөшүп, балалык, окуучулук күндөрдү эстеп, туулуп өскөн айылымды сүйлөп отурмакпыз. Көптөн бери эч ким менен чын жүрөктөн сырдашып, сүйлөшө элекмин".

"Акыркы күндөрү жалгыздыкты каалап калдым".

"Хмм... Азыр жанымда кыялымдагы ак боз атчан ханзаада болсо, эх, аябай эркелемекмин".

"Досторумду сагындым. Алар менен жүргөндө дүйнө биз үчүн жаралгандай эле. Көптөн бери "чындап" күлө элекмин".

"Жанымда ишеничтүү жакын адамым болсо дейм. Болгон ичимдеги сырымды айтып жеңилдей тургандай алсам. Бирок андай адам таба албайм го".

"Атам, апам болсо катуу кучактап, эркелеп алсам сонун болор эле. Аларды тез эле сагынып калчу болдум. Азыр башка эч кимди көргүм келбей жатат".

"Менин эң жакын адамдарым бардыгы жанымда, көргүм келсе бир сааттык гана убактымды алат. Жалгыз мени алыста күтүп жаткан адамдын жанымда болушун каалайт элем. Буюрса, аз убакыттын аралыгында ал да жанымда болот".

"Азыр жанымда кара-балталык 1990-жылкы Элиза болсо жакшы болмок. Элизаны сүйүп калганымды азыр алыста жүрүп түшүнүп отурам. Окуп жүргөндө ал менин досум деп гана ойлочумун. Менин сезимим Элизага жакын экенин, аны гана сүйөрүмдү кеч түшүнүп жатам. Элиза, мен сени сүйөм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.08.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ватсаптан туугандардын,классташ кыздардын группасын ачып суйлошсо болот.
Табышмак айтып,оюн ойноп,женуучуго бирдик салып тургула.
Бизде ушундай,чогуу жургондой эле болосун.Жалгыздыгын да билинбейт.
Алысты жакындаткан ватсапка рахмат
02.08.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балдарымды сагындым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: