Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга кесилди







Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Өкүмгө ылайык, Жапаров "адамды өлтүрүүнү уюштуруу", "бийлик өкүлдөрүнө каршылык жасоону уюштуруу" жана "бейбаштык" беренелери боюнча толук акталды, ал эми "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Сот жараяны судья Эмил Каиповдун төрагалыгынын астында өткөн. Мамлекеттик айыптоочу Садыр Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Айта кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-6

Железный Трон - Кумтор.
жапаров - нед Старк. десница короля. таза иштейт. тронду айланасындагы нерселерди изилдеп жатып башы кетет.
атамбаев - ланистер.
ж акаев- тирион ланистер. озунун кланын таштап кетет, дейенериске кошулат.
текбаев- клан леди тирела. ланистердин жакын союзниги болгон. бирок ланистер лер бут семясын жардырып салат.
мадумаров - станис баратеон - такой неудачник. всем жертвует. но все равно не заполучил трон.
фарик ниязов - мизинец. кыйтыр неме. соратник ланистеров
Окунучтусу : Джон сноу дейенериске окшогон политиктер ди табалбадым
Бирин кайын бирин тал
Бирин олуп бирин кал
Акыры журуп камашты шакалдар