super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ошто "Адамды сатууга каршы 100 күн" акциясынын алкагында чет өлкөдөн жумуш таап берчү шектүү компаниялар текшерилет

 

Ош шаарында "Адамды сатууга каршы 100 күн" акциясынын алкагында чет өлкөдөн жумуш таап берчү шектүү компаниялар текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG`ге Ош шаарынын мэриясына караштуу социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова билдирип, Кыргыз өкмөт тарабынан уюштурулган иш-чараны алгач Ош шаары баштап бергенин кошумчалады.

"Айрыкча окууга өтпөй калган өспүрүм балдар "иш беребиз" деген шектүү компаниялардын кылтагына илээшип, кулчулукка сатылып кетүүдө. Мына ушундай окуяларды алдын алуу үчүн "100 күн кулчулукка каршы күрөшүүнүн алдын алуу боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери" жүргүзүлөт.

Акциянын алкагында өзгөчө коркунуч туудурган Кытай, Казакстан, Түркия, Орусия мамлекеттеринен жумуш таап берчү компаниялар текшерүүгө алынат. Алардын арасынан лицензиясы барларынын тизмесин түзүп чыгабыз. Ошол эле учурда лицензиясыз компаниялар милиция тарабынан текшерүүгө алынат. Жөнөкөй жарандар арасында адаттан тыш текшерүүлөр болбойт.

Аталган 4 мамлекеттеги элчиликтин байланыш телефон номерлери жазылган атайын китепчелерин чыгарып, акциянын алкагында таратабыз. Аны менен бирге аймактык кеңештердин төрагаларына шектүү адамдар болсо милицияга кабарлоо эскертилип жатат", - дейт Салтанат Аманова.

Андан сырткары ал "Адамды сатууга каршы 100 күн" акциясынын эстафетасы 14 күндөн соң башка облуска өткөрүлүп берилерин айтып, бирок ошол эле учурда 100 күнгө чейин Ош шаарында улантыларын билдирди.

Эскерте кетсек, "Адамды сатууга каршы 100 күн" акциясы 31-июль күнү старт алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: