super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-АВГУСТ: Ырчы Съездбек Искеналиев 37 жашка толду

 

Белгилүү ырчы, өзүн кино жаатында актёр, режиссёр катары сынап жүргөн Съездбек Искеналиев бүгүн туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 1980-жылы 2-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган.

Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыл кыяк бөлүмүн бүтүргөн. Бирок эмнегедир музыкалык аспапка көңүлү тартпай, эстрада ырчысы болууну кыялдана берчү. Кийин ошол тилегине жетип, чоң сахнанын босогосун “Селки” ыры менен аттаган.

Ырчылыктан тышкары тасмаларга катышып, режиссёрлук жаатында да иштеп келет. Кино тармагында алгач "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын ролун аткарган. Андан соң “Карт бойдок”, “5000 сом” тасмаларына тартылган. Соңку кездерде “Мына минтип” деген аталыштагы ыры менен популярдуулугу артууда. Ырчы менен жубайынын өздүк майрамы бир күндө болгондуктан, учурда жубайлар кош майрамды белгилөө үчүн үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө жүрүшөт.

2-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
02.08.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйраган ыры деле жок го мунун?(
03.08.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zinaniz,мен Сьездбектин куйорманы эмесмин. Сьездбектин элде озунун орду бар, сени ким тааныйт?? Сьездбектин бут кийимин кийип баскан жолун басып анан озунду бир кузгудон карап сын такылачы. мышык майга жетпей сасык дептирден боло бербей.
03.08.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир да ыры жакпайт,эптемей ырларды эле ырдай берет,лучше кыл кыякчы болсо болмок экен,менин жеке оюм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: