Улукбек Кочкоров тил сынагында жогорку баага татыды




Бүгүн, 2-августта Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жаткан Улукбек Кочкоров кыргыз тили боюнча сынактан 92 балл алды.
“Лексика-грамматика, жазуу боюнча 100 балл, окуп, түшүнүп тапшырма аткаруу боюнча да 100 балл жана угуп тапшырмаларды аткарууда 80 балл алдым. Угуп тапшырмаларды аткаруу көбүнчө эс тутумга багытталган экен, бирок андан бир аз күмөнүм бар. Себеби мен 90 баллдан кем болбош керек деп ойлогом. Сүйлөө тестинде мен өзүмдүн саясий программамды айтып бердим. Жалпылап айтканда 92 балл алдым. Жаман эмес, бул жыйынтыкка канааттанып турам”, - деди Улукбек Кочкоров сынактан чыккандан кийин.
Кыргыз тили боюнча сынактын жыйынтыгында Улукбек Кочкоровго “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин B2 деңгээлинде билет” деген сертификат тапшырылды.
кошулду

Озбек, тажикче аралашкан диалектини таза кыргыз тил десен, сенин деле денгээлин ошо да. Эми баткендик жердештер бир мыкты уулунар чыкса жакшынакай жон эле сыймыктанып койбойсунарбы туштук тундук деп кирбей. озунор эле баштайсынар ушинтип.
Озун кечке мактаткан адамдан жакшы президент чыкмак беле?!!.....