super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Дааратканага ташталган ымыркайдын жакындары табылбаса балдар үйүнө өткөрүлүп берилет

 

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы дааратканадан табылган ымыркайдын апасы же туугандары табылбаса наристе балдар үйүнө өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

"Ар бир бала үй-бүлөдө өсүүсү үчүн кам көрүү максатында биздин кызматкерлер наристенин туугандарын, апасын табуу аракеттерин көрүшөт. Эгерде иликтөө иштеринин натыйжасында 6 айдын ичинде ымыркайдын жакындары табылбаса балдар үйүнө берүүгө туура келет. Туугандары табылып, бирок багуудан баш тартышса баланы коргоо боюнча жеке план түзүлүп, башка адамдарга асырап алууга берилет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, 31-июль күнү Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Кечээ, 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, наристе кыздын дем алуусу жакшы, өрчүүсүндө кемчиликтер жок.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын энеси изделип жатат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
02.08.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандарына керек болбогон учун даратканга таштап кетида бербеш керек туугандаына
02.08.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул кызды менин эжеме берсе жакшы болот эле синдим дагы жаны торогон болчу эне сутун эмип жакшы жашоодо чоноймок.Бирок эжемдин жолдошу жок эки жерге турмушка чыгып балалуу болбогону учун эки ажырым жолго тушкон.Синдим да эжеме кыз алып баксаныз озум эмизип,багышып берем деп жаткан болчу.
02.08.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандары билсе алабы билбейт апасынан башка
02.08.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Менин да келинчегим буюрса жакында коз жарат эгиз кылып алсамбы эки жыл куткон наристем менин
02.08.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
daak9191,эркек! Ошондой кылсан бали.
Ушундай жакшына ымыркайды кор кылгандар эки дуйно жакшылык корбойт. Лондондо бир Чарли учун эмне болушту
02.08.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Багып алсак берет бекен эки уулума карындаш кылып чонойтот элем
02.08.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Коментарийлерди окусаң баары багып алгысы келет. Себеби энелик аталык сезими ойгонгон адамдар. А ушул кызды таштаган аялды Апасы дебеш керек, эне деген сөздөн айланып да өтпөсүн, дүйнөдөгү эң ыйык сөздү кирдетет. Айбанга да теңей албайсың, айбан да баласын нажаска таштабайт. Күкүк эне дейин десең күкүк дагы баласын таза жерге таштайт. Жер кантип көтөрүп жүрөт экен ушу сени, жер жерлигинен калды жоголуп кетпей. Иииий айтсаң да ошол. Жан дүйнөм түтөп кетип атат эстесем
02.08.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Табылса деле баш тартатда андан коро балага зар болгондор багып алышсын, акмак атасы менен энесин кудай жазаласын, суперлер кабар алып турунуздар балким табылып калса айтынзар, суротко тартып чыгарыныздар, коройлу кандай катын тууду экен
02.08.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу супер инфо жалгыз бой келиндер бала багып алса болобу, мыйзам жол береби? Ушул жонундо маалымат берип койунуздарчы
03.08.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidani, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
02.08.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага бергилечи уулума шерик кылып багып алайын. Бир уул,бир кыздуу болуп калмак элем...
03.08.2017. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AykaMer,мен да бакмакмын. Бир уулум бар. Жашым 40ка баратат. Кудай деними соо кылып, алтын башымды аман кылып турса чонойтуп алмакмын. Ар бир бала оз ырыскысы менен.
02.08.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялым бар болсо багып алат элем жожону.
03.08.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уккан сайын жан дуйном ооруп кыйналып кеттим. Кандай адам оз баласын таштайт, кантип журогу оорубайт, кантип тынч уктайт, ушунчалык таш боор журок болобу??? Мен балам шоктонсо катуураак урушуп койуп артынан журогум эзилип аяп кетем, бирок ажатканага таштаган аялга Аллаахым эки дуйно тозок отун корсотсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: