Президенттикке талапкерлердин дагы бири шайлоого катышуудан баш тартты
Президенттикке талапкерлердин дагы бири Нусрет Муса-Оглы Мамедов шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн мамлекеттик тил боюнча сынакка катышмак. Мамедов түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти болуп эмгектенет.
Эске салсак, кечээ, 2-августта Анвар Сартаев талапкерлигин коюудан баш тарткандыгына байланыштуу тестирлөөгө келген жок. Президенттикке аттануу үчүн 59 жаран талапкерлигин койгон. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-4

