super.kg logo

Абакта жаткан Азамат Мурзалиевди Текебаев менен Чотоновдун сотуна күбө катары чакыруу өтүнүчү четке кагылды

 

Бүгүн, 3-августта Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.

Анда Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин 2010-жылы орун басары болуп турган Азамат Мурзалиевди күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыруу өтүнүчүн келтирди. Анын айтымында, Мурзалиев 2010-жылдын август айынан декабрь айына чейин Алмазбек Атамбаевдин дайындоосу менен аталган кызматта болуп, "Альфа-Телекомдун" ишине жоопкер болгон. Өмүрбек Текебаев: "Мени айыптап жаткандан кийин иш толук каралуусу үчүн жактоочуларым атын атап жаткан адамдар суралышы керек", - деп айтты.

Ал эми прокурор өтүнүчтү четке кагууну суранып, сот Текебаевдин жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Альфа Телеком” ишканасынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Алмаз Абековду 25 жылга, аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиевди 12 жылга, “Новострой Сервис” ишканасынын мурдагы төрагасы Кенжебек Аман уулун 8 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.08.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соттор чындыкты чыгаргыла. Кудай карап турат.
03.08.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сот менен прокурорлордун жузу Текебаев менен Жапаровдун сотунда ачылды го. Мындай соттор турмодогулорун жарымынын тагдырын куноосуз талкалаган окшойт.
03.08.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул соттор жаман адамдар менин коншумду уй урдагансын деп кылбаган нерсени кылды кылып камап салды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: