super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-АВГУСТ: Инстаграм жылдызы Эльдана Сатыбалдиева 22 жашка толду

 

Инстаграмга кызыктуу видеолорун жүктөп популярдуу болгон кыргыз кыздары саналуу эле. Сап башында турган вайнер Эльдана Сатыбалдиева бүгүн туулган күнүн белгилеп жатат. Ал көпчүлүккө eldana_foureyes деген ат менен белгилүү. Учурда 567 миң окурманы бар.

Эльдана Сатыбалдиева 1995-жылы 3-августта Бишкек шаарында туулган. Малайзиядагы Тэйлорс университетинин массалык телекоммуникация факультетинде окуйт.

Эльдана Сатыбалдиеванын видеолору креативдүүлүгү менен бир гана Кыргыз жеринде эмес Казакстан, Орусия өңдүү коңшу мамлекеттерде да күйөрмандарын таба алган. Ал орусиялык жана казакстандык вайнерлер менен биргеликте видеолорду тартып келет.

Дайыма көз айнек тагынып жүргөндүктөн Инстаграмдагы нигин да eldana_foureyes деп ачкан. foureyes – "төрт көздүү же көз айнекчен адам" дегенди түшүндүрөт. Вайнер дайыма спорттук кийимдерди кийип, боёнбой жүргөндүктөн анын көйнөк кийген сүрөтүн көргөндөр таң калышканын жашырышкан эмес.

Эльдана Кыргыздын мурдагы башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиевдин кызы. Кийинүү стилин атасы алгач сындап, кийинчерээк түшүнүү менен кабыл алганын белгилейт. Вайнер башында апасын да өзүнүн видеолоруна тартчу. "Түнкүсүн идиш жуугум келбегенде" аталышындагы видеодо Эльдананын апасын көрүүгө болот.

Эльдана Сатыбалдиева мурун 15 секунддук видеолорунда эле кыргыздын каада-салттарын, менталитетин, баланы тарбиялоодогу өзгөчөлүк, чет өлкөдө өзүн алып жүрүшүн күлкүлүү, оригиналдуу кылып чагылдырып келген. Өзүн өзү шылдыңга алуудан коркпой, коомдогу көйгөйлөрдү күлкү аркылуу жеткирген Эльдана Сатыбалдиеваны туулган күнү менен куттуктайбыз!

3-августка карата жылнаама.






Эльдана Сатыбалдиева: "Түнкүсүн идиш жуугум келбегенде"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.08.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Омурлуу болсун. Бирок жыл наамака кандай кишилер чыгат? Бул кыз кыргыз эли учун эмне кылып кыйратты?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: