super.kg logo

Айдай Сооронкулова “Жалал-Абад периси-2013” сынагында жеңүүчү болду

 
"Жалал-Абад периси-2013" сынагынын жеңүүчүсү Айдай Сооронкулова (сол жактан экинчи турган сулуу)
Сынак учурунан бир көрүнүш
Айдай Сооронкулова - “Жалал-Абад периси-2013” сынагынын жеңүүчүсү
Сынактын катышуучулары кече кийимдерин көрсөтүштү
Сынактын катышуучулары кече кийимдерин көрсөтүштү
Сынактын катышуучулары кече кийимдерин көрсөтүштү
Жыйынтык чыгарылып, Жалал-Абаддын сулуулары тандалды
"Жалал-Абад периси-2013" сынагынын жеңүүчүсү Айдай Сооронкулова (оң жактан биринчи турган сулуу)

19-майда Жалал-Абад шаарында “Жалал-Абад периси-2013” сынагы болуп, Айдай Сооронкулова жеңүүчү болду. Калыстар тобунун купулуна толгон сулуу Кыргызстан эл аралык университетинин Жалал-Абад шаарындагы филиалынын студенти. Ал эми 2-орунду  9-класстын окуучусу Айбарчын Заирова алса, 3-орунду түштүк аймактык жүрөк кантамыр жана хирургия илимий борборунун кызматкери Гүлбарчын Айдарова жеңип алды. Бул тууралуу "Элет Жаштары" коомдук бирикмесинин мүчөсү Абдыманап Дыйканов маалымдады.  

 

Сынактын тандоо туруна 60тай  кыз катышып, андан өткөн 12 бийкеч “Жалал-Абад периси-2013” наамына ат салышты. Калыстар тобунун курамында ырчылар Дайыр Исмадияров, KG Эльмурат жана башкалар болушту. Жеңүүчү болгон сулууга Ысык-Көлгө эс алып келүүгө жолдомо ыйгарылды. 2-орунду алган кызга компьютер, 3-орунду багындырган сулууга планшет ыйгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: