Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Ысык-Көл районундагы жол кырсыгынан 9 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди"



Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылындагы жол кырсыгында 9 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кызыл-Өрүк айылындагы жол кырсыгына жалпы 18 адам кабылган. Алардын ичинен 9 адам аймактык ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын арасында 6 жаш бала болгон. Кичи автобустун ичиндегилер Өзбекстандан келген бийчилер экен. Учурда ким, кандай деңгээлде жаракат алганы такталууда. Каза болгондор жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн саат 11:50 чамасында болуп, анда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aitunuk

04.08.2017. 01:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эл аралык бирдик болуп саналган микро- деген приставканы которуунун зарылы барбы "кичи автобус" дебестен, эл аралык термин катары колдонулуп калган "микроавтобусту" пайдалансак эмне болот, же туура келсе-келбесе деле, маанини толук бере албаса деле "Боёкчу боёкчу десе, сакалын кошо боёптур" болуп, которо беришибиз керекпи?..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.