super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда жактоочу Маевскийдин 700 миң долларын Москвадан алып келген адамдын өздүгүн тактоону өтүндү

 

Бүгүн, 3-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун башында 2010-жылдары Текебаев отурган иш бөлмө Өкмөт үйүнүн кайсы тарабында экендиги тартылган видео көрсөтүлдү.

Андан соң Текебаев сотко кайрылып: "Буга чейин менин жактоочуларым 2010-жылдын 13-майында Бишкекте аба ырайы кандай болуп тургандыгын тастыктаган интернеттен алынган маалыматтарды ишке тиркеп коюуну өтүнгөн. Тилекке каршы, сиз өтүнүчтү четке каккансыз. Бүгүн мен кайра ошол өтүнүчтү келтирем. Себеби Алексей Модин 13-майда Бишкекте күн ысык болчу деп айтып жатат. Биздин маалыматтарга караганда ошол күнү күндүн ысыктыгы +17 градус болуптур. Мындай аба ырайы ысык деп эсептелбейт. Интернеттеги маалыматтарга ишенбесеңиз ӨКМнын алдында Кыргыз гидромет деген мекеме бар. Ошолорго кат жөнөтүп, аба ырайы тууралуу маалыматтарды алалы", - деген өтүнүчүн айтты.

Ал эми сот Айбек Эрнис уулу "өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырам. Орусия өлкөсү бизге караганда суугураак. Суук жактан келген Модинге Бишкектеги +17 градус ысык болушу мүмкүн" деди.

Айыпталуучулардын жактоочусу Бакыт Жумашев: "Маевский берген көрсөтмөсүндө "Мен Москвадан Бишкекке учкан учак аркылуу бир адамдан 700 миң долларды берип жибергем" деп айткан. Анын айтымында, акча жөнөтөрдө жанында жан сакчылары, катчысы болгон. Биз ошол Москва-Бишкек аба каттамында ири суммадагы акчаны алып келген белгисиз адамдын аты-жөнүн тактоону өтүнөбүз", - деди.

Бирок сот мындай мүчүлүштүктөр тергөө маалында карала турганын айтып, өтүнүчтү четке какты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.08.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гумондорго таянсак жогорку оку жайлардагы мугалимдерди оной эле камап салууга болот турбайбы. бирок андай эмес мугалимдин сонтогунон табылган акчада студенттин бармак ииздери болуусу керек эмес беле
03.08.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне текебаевдин адвокатары дагы эле оруп жатабы баягы учо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: