super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Арча-Бешиктеги дааратканадан табылган ымыркайдын абалы күндөн-күнгө жакшырууда

 

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан табылган ымыркайдын абалы күндөн-күнгө жакшырууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди. Анын айтымында, учурда ымыркай өз алдынча дем алууда жана упчу эмип калды.

Буга чейин наристенин жакындары табылбаса ооруканадан чыгарылгандан кийин балдар үйүнө которула тургандыгы маалымдалган. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бөлүм башчысы Гүлмира Ахматова коомчулук арасында жаңы төрөлгөн ымыркайды багып алууну каалагандар бар экендиги айтылып жатканы менен, министрлик баланы асырап алууга берүү боюнча иш алып барбай турганын билдирди.

"Азыр ымыркайдын апасы изделип жатат. Ал табылса кандай чаралар көрүлөт белгисиз. Балким, энелик укугунан убактылуу ажыратылат, эгер андай болсо кыз убактылуу багууга башка жерге берилет. Эгер энеси баласынан баш тартса анда министрликтин райондордогу бөлүмдөрүнүн атайын түзүлгөн комиссиялары багып алууну каалагандарды каттайт. Акыркы чечимди сот кабыл алат, багып алууну каалаган үй-бүлөгө ымыркайды асырап алууга болобу, болбойбу анын баары соттун чечими менен жүрөт", - деди Ахматова.

Эске салсак, 31-июль күнү дааратканадан табылган ымыркай оор абалда №3-шаардык балдар үйүнө жеткирилген. Айы, күнүнө жеткен ымыркай 3 килограмм 390 грамм салмакта төрөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.08.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кызды биз багып алсак болор бекен кимге кайрылсак?
03.08.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул боюнча кимге кайрылсак болот админ ???
04.08.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nariste...12, саламатсызбы? Ымыркай азыр ооруканада, эгер жакындары табылбаса балдар үйүнө өткөрүлөт. Андан кийин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өзүнүз жашаган аймактык бөлүмүнө кайрылып көрүнүз.
03.08.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ах бобокту ото сагындым, бобошка бомпошка омуру узуун акылдуу атак данктуу кыз болуп чонойсо экен
04.08.2017. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала багып алалы,жакшылык кылалы дегенде эле сот-пот деп калышат.
Канча кордум,Первыйдагы Времядан балдарды-кыздарды корсотсо ушундай,анан бпгып алабыз деген ата-энелер чыкса,мамлекет озу колдоп,жардам берип,балдарды ата-энелуу кылганга шашат.
Бизде мындайда жинди келтирип,мыйзам деп калышат.
04.08.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жалгыз уулум
Бар
Мумкун
Болсо ошол чырактай наристени кыз кылып
Мага
Каттатып
бергилечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: