super.kg logo
  Саясат  

Израиль Газа тилкесин бомбалоого өттү

 
Израиль Газа тилкесин бомбалоого өтүп, кечээ түнү эле 130 объектти аткылады. Газа тилкесиндеги израилдик операциядан 19 адам набыт болуп, алардын басымдуусун палестиндер түзөт. Ошондой эле Газа тилкесинен Тель-Авивди көздөй эки ракета атылып, атылган ракетадан 4 жөөт каза болду. Израилдин эң ири шаарларынын биринде 20 жылдан бери биринчи жолу аба коркунучу жарыяланып, жашоочулар бомбадан сактануучу жайларга жашынышты. Газа секторундагы палестиндерди колдоо иретинде Египеттин премьер-министри Хишам Кандиль келгени жатат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху эгер Газа тилкесинен ракета атуу токтобосо, Кандилдин иш сапары учурунда чабуул аракеттери басаңдабайт деп билдирди. Дүйнөлүк бир катар лидерлер тараптарды кагылышты токтотууга үндөп, Орусия кагылышты токтотууга чакырууда. Египет президенти Мухаммед Мурси Израилдеги элчисин чакыртып алып, БУУнун Коопсуздук кеңешине жана араб өлкөлөрүнө Газа боюнча чукул жыйын өткөрүүнү өтүндү. Ал эми АКШ менен Улуу Британия Израилди колдоодо.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: