Германиянын канцлери Ангела Меркель эс алууга бир эле кийим кие турганы белгилүү болду
2013-жыл
2013-жыл
2014-жыл
2015-жыл
2016-жыл
2017-жыл
Тереза Мэй
Германиянын канцлери Ангела Меркель жолдошу менен 5 жылдан бери бир эле кийим менен, бир эле Италиянын Орта тоолоруна эс алууга бара турганын Daily mail басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, сарамжалдуу канцлер Италиянын тоолоруна, башкаруучулукту убактылуу токтотуп, жолдошу Иоахим Зауэр менен эс алууга 2013-жылкы өргүүсүндө кийген кийимдерин эле алып келген.
"Сүрөттөр Меркель 2013-жылдан бери кызыл чакмактуу көйнөгүн жана ачык түстөгү кенен шымын башка кийимдеринен артык көрө турганынан кабар берет. Ал өзүнүн жолдошу Иоахим Зауэр менен 2013-жылы да ушул эле жерде, ошол эле кызыл чакмактуу көйнөгүн, ачык түстөгү шымын кийип эс алган", - деп жазат басылма.
Анын бул кийими Италиянын башка аймагында эс алып жүргөн Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин кийиминен кийин көңүлдү бурган. Ал өз кезегинде кызгылт көйнөк кийип жүргөн. Көйнөгүнүн баасы 2300 сомдой болгону үчүн сынга кабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:53
2025-11-11
15:30
2025-11-11
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Мен деле кийимге коп маани бербейм,кийимге маани бербеген адамдарды да жакшы кором.Негизинен таза,сапаттуу болсо болду.
Меркель,Стив Джобс,фейсбуктун негиздоочусу,ж.б. атактуулар жонокой жашоосунда жонокой журушот.
Эми атактуу айымдар болгон учун элдин оозу элек болуп жаткан турбайбы.