Таиландда эс алып жүргөн туристке аюу кол салды

36 жаштагы турист Найфум Проматрее Таиланддын Пхетчабун провинциясында эс алып жүргөндө ага аюу кол салган. Ал жергиликтүү чиркөөлөрдүн бириндеги аюуну көрүп, ага тамак ыргытып ойноп жаткан. Жырткыч Найфумдун үстүнө секирип, сүйрөп кеткенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Балким, аюу аны элдин көзүнөн оолак жерге алып барып, жеп салмак. Бирок Найфумдун достору ага жол бербестен жырткычты узун бакан менен кубалашып, жаракат алган досун сактап кала алышкан”, - деп жазылган маалыматта. Азыркы учурда бейтапканага жеткирилген туристтин абалы жакшырып, сүйлөгөнгө жарап калган.
Окуяга бир күн калганда чиркөөнүн кызматкерлери “бул жерде жырткыч бар жана ал жетиштүү тамак жебегендиктен адам баласына кол салышы мүмкүн. Андыктан баарыңарды өзүңөргө сак болууга чакырабыз”, - деп коомчулукка кайрылуу жасашканы белгилүү болду.
Таиландда эс алып жүргөн туристке аюу кол салды



1 |