"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Өзгөндө 1 турак үй өрттөнүп, аны өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды

Бүгүн, 3-августта Өзгөндөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы бөлүмүнө саат 21:45те Муминов көчөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
"Муминов көчөсүндө учурда 1 турак үй өрттөнүп жатат. Аны өчүрүү үчүн 3 өрт өчүрүүчүлөр тобу унаалары менен тартылышты. Азырынча өрт курчоого алына элек", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова.
Эскерте кетсек, окурман Өзгөндө 2 дүкөн, 1 үй өрттөнүп жатканы тууралуу "Элдик кабарга" кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.