super.kg logo

БШК Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселеси тууралуу жооп таратты

 

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселеси тууралуу билдирүү таратты.

"Сот БШКнын Текебаевди тил сынагына катыштыруу же катыштырбоо боюнча чечимди кабыл албагандыгын гана тааныды. Сот БШКны бул маселени чечип берүүгө милдеттендирген жок", - деп айтылат БШКнын маалыматында.

Эске салсак, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тизмеси боюнча Текебаев 26-июлда кыргыз тили боюнча сынакка катышуусу керек болчу. 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаевдин иши каралып жатканда анын жактоочусу Канат Хасанов сотко сынак тапшырууну камсыздап берүүсү боюнча кайрылган. Сот өтүнүчтү четке каккан. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү БШКга бул маселени чечип берүү талабы менен кайрылган. БШК бул боюнча сотко кайрылуу керек экенин билдирген. Кечээ, 3-августта Бишкек шаарынын райондор аралык соту БШКны Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендиргени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.08.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эптеп кысып отуруп шайлоодон алып калуу болуп жатат окшойт.
04.08.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Корксо да бийлик 2 айдан кийин бети ачылат.
04.08.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
2 Айдан ашып кеттиго куноосун кое албагандан кийин чыгарбайбы!
04.08.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бийлик кулай баштады!
04.08.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дача-СУ эмне болду? Элге күйгөн Садыр Жапаров эмне болду? Келесоо киши деле сезип турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: