super.kg logo

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы 13-майда кайда жана эмне менен алек болгонун айтты

 

Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Отурумдун башында Текебаев өз көрсөтмөсүн видео жана сүрөткө тартууга уруксат берүү өтүнүчүн сурады. Бирок сот өтүнүчтү четке какты.

Жактоочу Текебаевден Маевский менен кандай жагдайда жана эмне себеп менен жолукканын сурады.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн өмүрүнө реалдуу коркунуч жаралып, алардын өмүрүнө кол салуу болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар келип турган. Ошондуктан ал учурда менин тегерегимде 20дан ашык жан сакчылар жүргөн. 12-май күнү Бишкекте революцияга каршы аракеттер болду. Биз өмүрүбүздү тобокелге салып жумушубузду таштап кеткенибиз жок. 13-майда да түнкү саат 12ге чейин отуруп иштедик. 13-май күнү саат 8де Роза Исаковнанын тапшырмасы берилип, “Хаят” мейманканасында жыйынды ачтым. Саат 13:30га чейин ошол жерде болуп, 14:00гө жакын өкмөт үйүнө келдим.

Ошол маалда Ош менен Жалал-Абадды куралданган адамдар басып алган. Убактылуу өкмөт өлкөнүн жарымын колдон чыгарган. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол учурдагы абалды талкууладык. Ошондо Исаковду түштүк аймагына Убактылуу өкмөттүн атайын өкүлү кылып дайындадык. Саат 4төр чамасында Исаков менен Чотонов Ошко учуп кетишкен. Андан соң мен Конституциялык жыйынга кеттим. Ал жерден кечки саат 9га жакын өкмөт үйүнө келдим. Ал күнү каалаган күндө да мен Маевский менен жолугууга мүмкүнчүлүк болбойт болчу", - деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.08.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Теке маладес
04.08.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Теке куч кубат берсин сага кайраттанып чыгып ишти кыл кыргыз елине
04.08.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмнеси молодец Текебаевдин? Убагында тойгончо махинация кылганы учунбу? Эгерде Атамбаев менен урушбай иштегенде дагы эле жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак. Текбаевдин стратегиясы Бийликтегилердин кызматы бутойун деп калганда элдин созун суйлоп оппозиция болуп алуу. Ушундай план менен очко алып журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: