super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-АВГУСТ: Сүйүүнүн символу болгон шампан 349 жыл мурун пайда болгон. Аны ичүүнүн эрежелерин билесизби?

 
Шампанды чиркөөнүн кечили Пьер Периньон ойлоп тапкан.
"Рюинар" - шампан чыгарган биринчи фирма.
Шампандын капкагындагы бул зым - "мюзле" деп аталат.
Шампанга колдун табы өтпөш үчүн астынкы бөлүгү узун бокалга куюлат.
Аялдардын эринине коюлган эндик ичимдиктин даамын өзгөртөт.

Бүгүн, 4-август - Сүйүүнүн, романтиканын, Жаңы жыл майрамынын, дегеле дүйнө элинин жакшылыктарынын жандоочусуна айланган шампан ичимдигинин туулган күнү. Бүгүн бул ичимдиктин пайда болгонуна 349 жыл болду. Дээрлик үч жарым кылымдык тарыхка ээ шампан тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.

ШАМПАНДЫ ЧИРКӨӨНҮН КЕЧИЛИ ОЙЛОП ТАПКАН

Шампандын мекени Франциянын тарыхый Шампань облусунун Отвильер кыштагы. Бул кыштактагы чиркөөнүн чарбасын жетектеген адамдын уулу, кечил Пьер Периньон чиркөөнүн кампасынан бир ичимдикти көрүп таң калган. Анда идишке куюлган ичимдиктен көбүктөр быжылдаган үн менен өйдө көтөрүлүп барып жарылып турган. Периньонго ал жандуу, тирүү суусундуктай сезилген. Ал ичимдик азыркы заманбап шампандын эң алгачкысы болгон.

Андан 50 жыл өткөндөн кийин 1718-жылы гана атайын технология менен даярдалган шампандар чыгарылган. 10 жылдын ичинде бул ичимдикке кызыккандар көп экени байкалган соң 1729-жылы эң алгачкы шампан чыгаруучу "Рюинар" фирмасы негизделген.

Шампан 19-кылымдын аягынан тартып дүйнөдөгү популярдуу ичимдикке айланган. Андан кийин көп өлкөлөр бул суусундукту өздөрү чыгара башташкан. Алардын арасында мыкты шампан-шарап даярдоо боюнча Орусия көп жетишкендиктерин көрсөткөн. Бирок Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Франция бул боюнча жаңы мыйзам кабыл алган. Анда Франциянын Шампань аймагында тиешелүү эрежелер менен өндүрүлгөн ичимдик гана шампан деп атала турганы жазылган.

ШАМПАНДЫН ЭМЕНДЕН ЖАСАЛГАН КАПКАГЫ 12 МЕТР БИЙИКТИККЕ ЧЕЙИН УЧАТ

* Шампандын бөтөлкөсүнүн капкагын эмен дарагынын кабыгынан жасоону Пьер Периньон өзү сунуштаган. Анын бул идеясы бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылып келе жатат.

* Шампандын жыгач капкагынын сыртына оролгон фольганы алгачкы өндүрүүчүлөр ал сакталган жер төлөдөгү келемиш-чычкандардан сактоо үчүн орошкон. Ал бүгүнкү күндө көнгөн адат боюнча оролуп келе жатат.

* Шампандын капкагын кармап турган зым "мюзле" деп аталат. Анын жалпы узундугу 52 сантиметр.

* Шампанды ачарда бөтөлкөнү бир азга күн тийген жерге коюп, аны жакшылап чайкаса анын пробкасы 12 метр бийиктикке чейин ыргыйт. Пробканын бул учурдагы ылдамдыгы саатына 40 чакырымдан жогору.

* Бир бөтөлкө шампанда 49 миллион көбүк бар.

ШАМПАН ИЧҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ

* Шампанды 7-12 градус температурада ичүү зарыл. Өтө муздатылган ичимдик даамын өзгөртөт, жылуу болсо сергитүүчү кызматы азаят. Шампанды муздатуунун эң туура жолу - муз салынган чакага салып коюу.

* Шампан астынкы бөлүгү узун, жука бокалга куюлат. Бул ага колдун ысыгы өтүп, даамынын өзгөрүп кетүүсүнөн сактайт.

* Аялдар шампан ичерде эриндерине коюлган эндикти өчүрүп салганы оң. Анткени эндиктин курамындагы заттар ичимдиктин даамын өзгөртүп жиберет.

* Шампандын капкагынын мүмкүн болушунча катуу учуусун жана ичимдиктин күч менен атылуусун шарттап ачуу туура эмес. Шампанды акырын эле ачуу менен сиз андагы көмүр кычкыл газы менен амин кычкылдыктарын сактап каласыз. Шампан жөнүндө билгендер аны эч качан катуу күүлөп ачышпайт.

* Шампанды шарт көтөрүп ичүүгө болбойт. Андагы көбүктөрдүн жандуулугуна көңүл буруп ичкен адам анын ырахатын толук көрөрүн сунушташат өндүрүүчүлөр.






Америкалык актриса жана ырчы Скарлетт Йоханссон шампан жөнүндө эмне дейт?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
04.08.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шампань ичкенден кийин эртеси энени коросунда:)))
05.08.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энени эмес ТОЗОКТУ коросун!! Шампанское АРАМ.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: