Бишкек ШИИББинин жетекчиси алмашты
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп Сталбек Рахманов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.
Буга чейин Бишкек ШИИББин Самат Курманкулов жетектеп келген. Ал эми Сталбек Рахманов анын орун басары болчу.
Айта кетсек, Сталбек Рахманов 1972-жылы Кочкор районунда туулган. 1994-жылы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктап, 2004-жылы ИИМдин Академиясын бүтүргөн. Ички иштер органдарында 1994-жылдан бери иштеп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
9:20
2025-07-16

22:57
2025-07-15

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.