super.kg logo

Коомдук ишмер: "Үркүндө жан берген ата-бабаларыбыздын сөөгүн көмбөй, аларга куран окутпай коюу - биздин маңкуртчулугубуз"

 
Бейшенбек Абдразаков

Бүгүн, 4-августта өлкөнүн бир катар аймактарында 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүндө курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Тарыхтын эскирбес тагы" аттуу көргөзмө ачылып, ага Үркүн тууралуу китептер, гезиттерге жарыяланган макалалар, тарыхый изилдөөлөр сүрөттөрү менен коюлду. Көргөзмөнүн ачылыш аземине коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, тарыхчылар, жазуучулар жана башка маданият өкүлдөрү келишти.

"Үркүндө курман болгон канчалаган адамдардын сөөгү көмүлбөй жатат. Аны топоздор жешет, топоздун этин биз жейбиз. Ата-бабаларыбыздын сөөктөрүн көмбөй коюу - биздин маңкуртчулугубуз. Кыргыз мамлекетиндеги 2005-жылкы революция Жалал-Абадда, 2010-жылкы революция Таласта башталган. Ал эми 1917-жылдагы Улуу Октябрь революциясынын башталышы деп 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүн айтсак болот", - деди "Үй куруучулар" тобунун башчысы Бейшенбек Абдразаков.

Мындан сырткары коомдук уюмдардын бири жана Октябрь райондук администрациясы тарабынан Бишкектин Түштүк дарбазасындагы Үркүндүн курмандыктарына арналып орнотулган эстеликке гүл коюу аземи өтүп, куран окулду. Улуттук боштондук үчүн күрөштүн курмандыктарын эскерүү иш-чаралары Боом капчыгайына барып боз үй тигип, мал союп, куран окутуу менен уланарын уюштуруучулар билдиришти.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 18-апрелиндеги токтомуна ылайык, август айынын биринчи аптасынын жума күнү - "Улуттук боштондук үчүн күрөштүн курмандыктарын эскерүү" күнү деп белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.08.2017. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2016-жылы Кыргыз элимдин улуттук боштондугу учун курошуп жан бергендердин жаткан жерлери жаннаттан болсун!
Эскеруу иш-чараларын уюштургандарга АЛЛАнын нуру жаасын!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: