super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Өмүрбек Абдрахманов кандай болсо да мага каршы көрсөтмө берүүгө даяр болчу"

 

Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Сотто айыпталуучу Текебаев көрсөтмө берип жатып, Өмүрбек Абдрахманов эмнеге ага каршы көрсөтмө бергенин айтты.

"Өмүрбек Абдрахманов менен болгон жаман мамилемден улам аны тергөөдө мага каршы пайдаланышты. Анткени ал мага кандай болсо да каршы көрсөтмө берүүгө даяр болчу. Маевский өз көрсөтмөсүндө 6 жолу "Абдрахмановду 13-майда Текебаевдин бөлмөсүнөн көргөнбүз" деген. Бирок биз майдын аягында гана Абдрахмановдун АКШдан келгенин айтканыбыздан кийин марттан баштап көрсөтмөлөрүн өзгөртүштү. Абдрахманов "мени "Мегаком" боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы катары тааныштырган" деп айтып жүрөт. Бул такыр мүмкүн эмес болчу. Анткени Абдрахманов 29-декабрда депутаттык комиссиянын мүчөсү болуп шайланган. Ал эми Маевский мага жолуктум деген 21-декабрда мен жумушка келген эмесмин. Бул карама-каршылыктардын баары алардын жалган айтканын далилдейт. Мен 21-декабрда Маевский, Модин менен жолуккан эмесмин", - деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.08.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ой Теке Теке жаман кара талашсында.Модинден акча албаганын чын болсо керек бирок бийликтен силер Аша ж.б кетмейинче Кыргызстан онолбой калды го.бирин камалып бирин кетип жок болсонор отоооо жакшы болмок.
04.08.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаевдин кадыры тушуп кеткен болчу.Атамбаев куугунтукка алып кайра офторитетин которуп койду.экоон тен жыргатпадынар.биринди бирин чукуп журо бергиле.премерлерди Атамбаев айканынан мен кетиргенмин деп мактанып чыктын.Кыргыздын онугушуно тоскоолдук жаратып жургон силерсинер.Эми бийликке силерге буюрбай койсо элдин бактысы.
04.08.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош окуясы боюнча бирда чиновник кармалбады тообо, башка бийлик келсе убактылуу окмотунордун шору кататко.
04.08.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,ош окуясын бийликтегилер уюштурган деген кумонум бар.себеби 7-апрелден кийин тундук туштук маселеси курчуп бараткан мезгил болчу.ош окусын уютуруп кыргыздын болунуусун сактап калган деген ойдомун.
04.08.2017. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555,Азаттыктан озбек К.Батыров суйлодуго , убактылуу бийлик каржылады деп. Анан читуация колдон чыгып кеткенде мени качырышты деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: