super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин спикерине, фракция лидерлерине жана премьер-министрге кайрылуу жолдоду

 

Сот иши жүрүп жатканда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин спикерине, фракция лидерлерине жана премьер-министрге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу партиянын катчылыгынан билдиришти.

Кайрылууда Өмүрбек Текебаевге күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого катышуу үчүн бардык тийиштүү документтер берилгени айтылат. Мындан тышкары Текебаев Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик тил боюнча сынакка катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бербей жатканын негиз кылып, өлкөдөгү саясий кырдаалды эске алуу менен Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен кеңешип кезексиз жыйынга чакырууну сунуштады.

Эске салсак, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тизмеси боюнча Текебаев 26-июлда кыргыз тили боюнча сынакка катышуусу керек болчу. 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаевдин иши каралып жаткан учурда анын жактоочусу Канат Хасанов сотко сынак тапшырууну камсыздап берүүсү боюнча кайрылган. Сот өтүнүчтү четке каккан. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү БШКга бул маселени чечип берүү талабы менен кайрылган. БШК бул боюнча сотко кайрылуу керек экенин билдирген. Кечээ, 3-августта Бишкек шаарынын райондор аралык соту БШКны Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендиргени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: