Улуу Британияда лотереядан 68 миллион доллар утуп алган адам табылбай жатат
Улуу Британиядагы EuroMillions лотереясынан 68 миллион доллар уткан адам 1 аптадан бери табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта айтылгандай, лотереянын уюштуруучулары оюнчуларынын баарын 28-июлда чакырып, билеттерин текшерип чыгышкан. Бирок бул күнү 68 миллион доллардын ээси келген эмес. Уюштуруучулар эгер бул кардар утушун алып кетсе, анын байлыгы британиялык белгилүү поп-музыкант, актёр Эд Ширандын байлыгы менен тең келерин билдиришкен.
Буга чейин июнь айында аталган лотереядан дагы бир адам 115 миллион доллар утуп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Бирок акча керек эмес