super.kg logo

Кочкор районундагы касиеттүү Күйгөн суу жана "Чоң-Туз" шахтасынан фоторепортаж

 
Күйгөн суу булагы
Анын жалыны күндүз жакшы көрүнбөйт
"Чоң-Туз" кенине кетчү жол
Шахтадагы шор
Шахта
Тоо катмарында калган кийиз
Тоо катмарында калган тери
Кенден чыккан кара туз
Шахтадагы туздуу көл

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл айылынын чет жагында 80 метр тереңдиктен чыккан Күйгөн сууга күнүнө ондогон адамдар барышат. Суунун курамындагы күкүрт аллергия жана башка тери ооруларына даба катары колдонулуп келет. Көпчүлүк суусун куюп кетишет. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал 1980-жылдары казылган. Бири суу чыгаруу максатында казылганын айтса, экинчиси газ чыгаруу үчүн казылганын айтат.

Жердин астынан булактай чыккан муздак суу менен кошо күкүрт чыккандыктан, анын үстүнө ширенке чакса от күйөт. Отко 20-40 мүнөттө чай кайнатып, жумуртка кууруса болорун айтышат айыл тургундары. Оттун жалыны күндүз жакшы көрүнбөйт. Булак окумуштуулар тарабынан изилденген эмес.

Ара-Көлдөн ары 10 мүнөттүк жолдо "Чоң-Туз" кени жайгашкан. Анын башкы инженери Бакыт Алжанбаевдинайтымында, кен 1956-жылы негизделип ачылса, 1982-жылы санаторий катары да иштеп баштаган.

"Чоң-Туз" шахтасын илгери калмактар чукулук менен казган дешет, кийин суу каптап көмүп калган. Союз убагында казылганда кайыш, терилер, ала кийиз табылган. Шахтадагы абанын курамында Дмитрий Менделеевдин жадыбалынын 18 элементи бар. Мындан улам медицинада айрым ооруларды дарылоого андагы өткөөлдөр пайдаланылат", - дейт Бакыт Алжанбаев.

Туз чыккан тоонун сырткы катмарын шор каптап турат

Шахтада бронхит, астма, аллергия жана дагы башка дем алуу органдарынын ооруларына чалдыккан Орусия, Казакстан жана Кыргыздын туш-тарабынан келген бейтаптар дарыланышат.

Учурда шахтадан чыккан кара туз Ысык-Көл жана Нарын облустарына жөнөтүлөт.

"Шахтада калмактар казган үңкүрлөр азыркыга чейин бар. Согуш жылдарынан кийин мамлекет иштете баштаган. Кээде жабылып кала берген. Акыркы жолу малдар шарп менен ооруганда 1970-жылдары Турдакун Усубалиевдин буйругу менен ишке кирип, бүгүнкү күнгө чейин иштейт. Союз учурунда 1-сменде 7 сааттын ичинде 40-50 тонна, 3 сменде 100 тоннадан ашык туз чыкчу. Ал убакта мал толтура, унаалар кезекте турушчу. Азыр керектөөчүлөр жок, жылына 400 тонна чыгарабыз", - дейт шахтёр Орозобек Чотбаев.

Тоо катмарындагы кийиз

Шахтанын ичинде тоонун боорунан чыккан кийиздерди, терилерди көрүүгө болот. Алар жакшы сакталган. Кочкор өрөөнүндө Х кылымда эбегейсиз көп суу чыгып, өрөөндү сел каптап, туз кени чыккан тоого чейин жетип, натыйжада Кочкор өрөөнү, Тоң районунун батыш тарабы чөлгө айланганы айтылып келет. Мындан сырткары, шахтанын ичинде түбү жок делген туздуу көл бар. Ага келгендер ырымдап акча ыргытышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.08.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстан касиеттүү жер. Изилдеп чыгып окумуштуулар так маалымат таратса болмок.
05.08.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Касиеттүү кыргыз жерим, гүлдөй бер!
05.08.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйго сууну атайын барып,коргонбуз,суу составында газдар бар окшойт.Ширенке чаксан эле куйот.
Денеге ар кандай грибок чыгып,калгандыр,ошол суудан жууса да кетет экен.
05.08.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai keremet jerler bar mekenibizde
06.08.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыныздар барып коргуло демекчимин ичи абдан кооз день соолугунуздарга да пайда Супер инфо сиздереестр рахмат чыгарганынарга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: