super.kg logo

Америкалык жашоочу аутист кызынын кубанычын көрүү үчүн 52 миллион долларга парк куруп берген

 
Морган атасы Гордон Хартман менен
Морган азыр 23 жашта
Морган ата-энеси менен

Американын Техас штатынын Гордон Хартман аттуу жашоочусу бир күнү өзүнүн үй-бүлөсү менен эс алуу үчүн бассейнге барган. Бассейнде өзүнүн 12 жаштагы кызы Морган менен жаш балдар ойнобой, качып жатканын байкайт. Муну көргөн Моргандын атасы кызын бактылуу кылуу үчүн өзгөчө идея ойлоп табуу керектигин түшүнгөн.

"Морган бассейнде жүрүп балдар менен достошуп, ойногусу келди. Бирок ал кайсы балага жакындабасын суудан чыгып, тетири басып кетип жатышты. Морган аутизм менен жабыркагандыктан анын акылы 5 жаштагы баланыкындай. Морган - таң калычтуу леди. Ал сизди көрсө сөзсүз жылмаят, ал тургай сизди кучактап да алат", - деген атасы кызы жөнүндө.

Бул окуядан кийин Хартман аялы менен чогуу аутизмден жабыркаган балдардын ата-энелерине "Балаңыз өзүн эркин сезүүсү үчүн кайда алып бармаксыз?" деген сурамжылоо жүргүзүшүп, андай жай жок экенин билишкен. Гордон Хартман бизнес-ишканаларын сатып, "Гордон Хартмандын үй-бүлөлүк фонду" кайрымдуулук уюмун негиздеген. 2007-жылы акыл-эси толук жетилбегендер үчүн эс алуу жайынын курулушун баштаган.

"Биз ден соолугу чың адамдар менен катарлаш эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, акыл-эси толук жетилбеген адамдар да толук кандуу эс ала турган жайды курууну кааладык. Дарыгерлердин, ата-энелердин кеңештеринин негизинде паркка балдар үчүн пайдалуу жана ыңгайлуу жабдыктар орнотулган. Парк жалпысынан 10 гектар аянтты ээлеп, ага 34 миллион доллар каражат жумшалды. 2010-жылы ачылган паркты кызыбыздын атынан "Моргандын ажайып өлкөсү" деп атадык", - дешкен түгөйлөр.

Парк ачылгандан бери дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн жана Американын 50 штатынан миллиондон ашык адам келип, Хартманга ыраазычылыгын билдирип кетишет. Мындай ыраазычылык аны андан ары да шыктандырып, бул жылы 17 миллион долларга "Моргандын шыктандырган аралы" деген аталыштагы сууда эс алуучу паркты ачып, эс алуу жайын кеңейткен.

"Бир киши келип колу менен сууда ойноп жаткан баласын көрсөтүп ыйлады. Ал мага ыраазычылык айтып жатып баласы буга чейин эч бир жайда өзүн мынчалык эркин сезбегенин, дегеле сууда ойнобогонун билдирди. Морган азыр 23 жашта. Мурункудан абалы бир аз жакшы, парк анын атынан коюлганын билет. Адамдар менен да көбүрөөк сүйлөшүп калды", - дейт Гордон Хартман.

Гордон Хартман эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аутист балдарга билим берүүчү мекеме ачууну пландап жатат. Учурда анын кызы Моргандан мурдагыдай качкандар жок. Тескерисинче, ал паркта атасы менен сейилдеп жүргөн кезде келип сүрөткө түшүүнү каалагандар көп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
05.08.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
АЛЛАХЫМ ыраазы болсун.
05.08.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эн сонун иш кылыптыр... Бизде мындайлар уч уктасан тушко кирбейт... Мумкунчулугу чектелген деп аларга такыр эле шарт тузуп бере албайбыз
05.08.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Мумкунчулугу чектелген адамдардын конулун которуу кандай сонун нерсе.. Ким билет бул инсан учун, бейишттен Кудай мындан мин эсе кооз парк даярдап койгондур.
05.08.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Окуп козумо жаш алдым... бала учун ата эне баарына даяр.
05.08.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде шарт тузмок турсун сотко берип олчойгон штраф салат.Кан басымы которулуп ооруканага тушсо кайра табалап жатышат жугундукорлору.
05.08.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым ыраазы болсун ушундай адамдар кобойсун
06.08.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул паркка киргендерге платный болсо керек же бекер киришет бекен, сонун парк экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: