Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жыгач тилген цех толугу менен күйүп кетти
Бишкек шаарынын Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жыгач тилген жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Көк-Жар айылынын Карагул Акмат көчөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу кабар 5-августка караган түнү саат 02:00дөр чамасында келип түшкөн. Өрттү ӨКМнын кызматкерлери таңга маал саат 06:00дөр чамасында толук өчүрүшкөн. Натыйжада 450 чарчы метр аянтты ээлеген жыгач тилген жай толугу менен күйүп кеткен.
Ошондой эле аталган маалыматта андан сырткары 14 даана устачылык станоктор жана 20 метр куб жыгач күйгөнү, учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
grace

05.08.2017. 13:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур дагы бир кыргыздын нан таап жеген оокаты эле да.
meku89

06.08.2017. 09:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур. Аллахым чыккан чыгашасынын ордуна 100 эселеп кирелешуу кылсын.Оомийн
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.