super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү боюнча Кыргыз курамасынын машыгуу үчүн сатып алган муляжы 10 мүнөттө жыртылды

 

Казакстандын Астана шаарындагы көк бөрү боюнча өтө турган Дүйнө чемпиондугуна барган Кыргыз курамасынын сатып алган муляжы машыгуу учурунда 10 мүнөткө жетпей жыртылып калды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Бекташев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 25-июлда Көк бөрү федерациясынын жетекчилиги Казакстандын Астана шаарына барып 45 миң сомго сатып алган муляж машыгуу учурунда 10 мүнөткө жетпей жыртылып калган.

"Бул муляж менен кантип мелдешти өткөрүшөт билбейм. Мүмкүн Казакстанда башкачасын колдонуп жүрүшкөнбү... Биз сатып алган муляж машыгуу учурунда 10 мүнөткө жетпей жыртылып калды. Саткан адамдарга кайрылып алмаштырып берүүсүн талап кылабыз", - дейт Султан Бекташев.

Айта кетсек, Казакстандын Астана шаарында 20-28-август аралыгында көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул мелдешке катышып жаткан Кыргыз курамасы “А” тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курама командалары менен күч сынашат.







Казакстанда кыргыз улакчыларга берген муляж 10 минуттун ичинде жыртылып калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
05.08.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Казак туугандардын муляжын бизде жаш балдар эшек менен ойнойт.Биздин жигиттерге эчки эле жакшы.
05.08.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Казактарды тытып келгиле кыргызымдын жигиттери!
05.08.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эчки эмес, торпок улак тартыш керек.... Балбан улакчыларга (кок-боручулорго) эчки улак кеп бекен?!.....
05.08.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жигитер иши кылып сапыргыла баарын силерге ишенебиз артынарда Кыргыз Элинер турат силерден только жениш кутуп атабыз"Кыргыздар качан тошокто жатып олчу эле"давай алгааа :)))
05.08.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-бабаларыбыз эчкини эле тартып келишкен.Анан кайдагы бир батыштык тируу эчкини сойуп алып кыйнашат экен деп койсо.Муляжды ойлоп таба калдынарбы.Эмнеси болсо да женишти кутобуз
05.08.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай бир нерсе ойлоп табыш керек улактын ордуна жыртылбай турган.ар оюнда улакты союп кыйнагандында жообу болсо керек деп ойлойм
05.08.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик кыргыз жигиттерине
06.08.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас Ниязовду киргизбей койуптурго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: