Түркияда жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, 36сы ооруканага түштү. Алардын арасында Кыргыз жарандарынын бары же жогу белгисиз
Түркиянын түндүгүндөгү Амасья провинциясында бүгүн, 5-августта Стамбулдан Самсун шаарына багыт алган автобус жол кырсыгына кабылды. Кырсыктан 36 адам ооруканага түшүп, 6 адамдын каза болгонун чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Учурда жол кырсыгынын себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөр менен бараткан автобус жолдон чыгып оодарылып кеткен. Азырынча жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экени айтыла элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.