super.kg logo
  Спорт  

Жөө күлүк Усэйн Болт Дүйнө чемпиондугунда жеңилүү ызасын тартты

 

Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт Лондондо өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда 0,03 секундага артта калып, эки америкалык спортчуга жеңилип калды. Жыйынтыгында Усэйн Болт коло медалга ээ болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы ямайкалык спортчу Усэйн Болт 100 метр аралыктагы жарышты 9,95 секундада басып өтсө, анын атаандаштары америкалык жөө күлүктөр 35 жаштагы Жастин Гэтлин менен 21 жаштагы Кристиан Коулмэн 9,92 жана 9,94 жыйынтыкты көрсөтүштү. Бул жыйынтык менен Усэйн Болт 2008-жылдан бери алгачкы жолу жеңилип жатат.

"Менин стартым мени өкүндүрдү. Буга чейин жакшыраак старт алчумун, бирок бүгүн болбой калды. Утулган себебим ушул деп эсептейм, мындай боло берет. Стадиондогу бардык күйөрмандар мени колдоп, мага түрткү беришти", - деди журналисттерге Усэйн Болт.

Маалымдай кетсек, Усэйн Болт Олимпиаданын 8 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондуктарында 100 метр аралыкты 5 ирет жеңип алган.






Усэйн Болт Дүйнө чемпиондугунда жеңилип калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.08.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Без допинг чыгып алган го
06.08.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок рекордуна жетишкен жокда экоо
06.08.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bolttun bolttoru bowoi bawtagan go
06.08.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болттун доору бутту окшойт жашы откон сайын 3 андан нары ....
06.08.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайылап акча үчүн жеңилип бергендей эле болду мен үчүн
06.08.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тулпар тушунда, кулук кунундо кымбат деп айтылат ошондуктан. Болт байкемдин да поезди уже келиптир да значить.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: