Эйфель мунарасына бычак менен куралданган киши кирүү аракетин көрдү

Франциядагы Эйфель мунарасынын этегинде бычак менен куралданган киши полициялык көзөмөлдөн өтүп кетүү аракетин көргөн. Ал ошол замат кармалып, камакка алынган. Кылмышкердин аракетинин себептери белгисиз. Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматына караганда, окуя 5-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:30 чамасында орун алган.
"Бул окуядан кийин мунаранын келүүчүлөрү сыртка чыгарылган. Полиция кызматкерлери жана сапёрлор Эйфель мунарасынын бардык кабаттарын текшерип чыгып, шектүү заттарды тапкан эмес", - деп жазышат басылмалар.
Маалымдай кетсек, 2016-жылдан баштап Эйфель мунарасына тыкан текшерүүдөн кийин гана кирүүгө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Rifle_I

06.08.2017. 20:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чөнтөгүнө бычак салып жүргөн жөнөкөй жаман болушу да мүмкүн .
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.