super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Кокуй кошуна" комедиялык тасмасы SUPER.KG порталында

 
Тасманын режиссёру Эльдар Турдумамбетов

Бүгүн, 6-августта "Кинозал" бөлүмү кошуналардын мамилесин көргөзгөн "Кокуй кошуна" аттуу комедиялык тасма менен толукталды. Анда ролдорду Шайымбек Кыдырмаев, Марат Козукеев, Турганбүбү Бообекова, Нурай Аскарбекова, Анвар Осмоналиев жана башкалар ойношкон.

Режиссёр Эльдар Турдумамбетов тасмада үй-бүлөдөгү ата менен уулдун, кошуналардын өз ара мамилеси көрсөтүлгөнүн айтат.

"Алгач комедия жанрында тасма тарта аламбы деп бир аз коркуу сезимдери болду. Бирок Шайымбек Кыдырмаев, Марат Козукеев, Турганбүбү Бообекова агай-эжейлер ар тараптан колдоп, күлкүлүү жерлерди кошумчалап жатышты. Андыктан алардын да бул тасмада эмгеги зор. Элдин эмоциясын көрсөтүү кыйын. Албетте, чын жүрөктөн көрүүчүнү күлдүрүү да жеңил эмес", - дейт Эльдар Турдумамбетов.

Тасмада Мелис аттуу каарман үй-бүлөсүн сүйгөн, камкор, жөнөкөй ата. Бир күнү коңшу турган эки кабаттуу үйдү алмакчы болуп, жарым акчасын ээсине төлөп берет. Эртеси ошол эле үйгө башка бир чыгармачыл инсан көчүп келет. Жаңы кошуна эки күндүн биринде конок тосуп, таң эрте баарына угуза кыйкырып ырдап, тынчтык бербей кууратат. Ачууланган Мелис кандай жол менен болбосун кошунасынан кутулууну чечет.

Ал ортодо концерт берип үйдүн акчасынан кутулам деген жаңы кошунанын тилегин таш кабат. Бирөөсүнүн үйүнө уурулар кирип, айтор эки кошунанын ортосундагы кырдаал күн сайын курчуйт. Бул окуялардын баары тамашалуу диалог менен коштолот.

"Кокуй кошуна" аттуу комедиялык тасманы бул жерден көрсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.08.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан кошулат Суперге
07.08.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MARAT.OZGON, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип көрсөңүз болот: http://www.super.kg/tasma/show/3581/
07.08.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино экен. КТРКдан корсотту. Пафос жок. Сонун тасма айтор)
07.08.2017. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түндө көрдүк ктр ден
08.08.2017. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кино экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: