Бүгүн Топ-Лиганын алкагындагы бишкектик дерби орун алат: "Алга" "Дордой" менен беттешет

Бүгүн, 6-август күнү Бишкек шаарында өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 12-турунун алкагында "Алга" - "Дордой" командаларынын беттеши орун алат.
Маалыматка ылайык, "Алга" футболдук клубунун талаасы даяр болбогондуктан беттеш "Дордой" спорттук комплексинде саат 18:00дө өтөт. Эки команда акыркы жолу Топ-Лиганын 4-турунда кездешкен, оюндун жыйынтыгында 1:1 эсеби катталган.
Учурда турнирдик жадыбалда "Алга" командасы 9 упай топтоп 6-орунда келе жатат, ал эми "Дордой" командасы 18 упай менен 3-орунда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.