super.kg logo
  Саясат  

ОшМУда Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленди

 

Ош мамлекеттик университетинде белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына карата "Өрнөктүү өмүр" аттуу илимий практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун жетекчиси Сооронбай Жээнбеков катышып, А.Масалиевдин жасаган иштери жөнүндө сөз сүйлөдү.

Ал эми ОшМУнун ректору Каныбек Исаков мамлекеттик ишмердин басып өткөн өмүр жолу жаштарга өрнөк боло турганын, ал инсандагы тазалыкты, элге берилгендикти  бүгүн ар бир жетекчи өзүнө үлгү кылып алса боло турганын баса белгиледи.

 

Аталган окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Таасилкан Жумабаева  А.Масалиевдин 80 жылдык мааракесине  карата университетте буга чейин тарбиялык, куратордук сааттар уюштурулуп,  тарыхчы окумуштуулар тарабынан  илимий баяндамалар даярдалганын жана студенттер дипломдук иштерди жазып жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: