super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига: "Абдыш-Ата" "Алайды" 2:0 эсеби менен жеңип алды

 

5-6-августта футбол боюнча өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 12-турдук оюндары өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, анда "Кара-Балта” “Нефтчини”, “Абдыш-Ата” “Алайды” кабыл алса, "Алга" "Дордой" менен ойноду.

"Кара-Балта" - "Нефтчи" - 1:2

Кара-Балтанын "Манас" стадионунда өткөн "Кара-Балта" менен "Нефтчи" командаларынын беттеши 1:2 эсебинде жыйынтыкталды. Эсеп санын 53-мүнөттө "Нефтчинин" оюнчусу Станислав Геращенко ачты. Беттештин аягына 10 мүнөт калганда Алишер Тохтасинов эсеп санын тең кылганга үлгүрдү. Кошумча убакыттын 1-мүнөтүндө Раимжан Шариповдун голу "Нефтчи" командасына жеңиш алып келди. Бул жыйынтык менен "Нефтчи" 15 упай топтоп турнирдик жадыбалда 4-орунда турат.

"Кара-Балта" (Кара-Балта) – "Нефтчи" (Кочкор-Ата) 1:2
Голдор: С.Геращенко (53-мүнөттө) – А.Тохтасинов (80), Р.Шарипов (90+1).

"Абдыш-Ата" - "Алай" - 2:0

Кант шаарынын "Абдыш-Ата" стадионунда өткөн "Абдыш-Ата" "Алай" беттешинде 2:0 эсеби катталды. "Абдыш-Атанын" футболчулары учурдагы чемпиондун дарбазасына ар бир таймда 1 голдон киргизгенге үлгүрдү. Эсеп санын Атай Жумашев 44-мүнөттө ачса, 54-мүнөттө Иван Филатов экинчи упайды алып келди. Бул жеңиш менен "Абдыш-Ата" командасы 19 упай топтоп 3-орунда болсо, "Алай" командасы 31 упай менен 1-орунда.

"Абдыш-Ата" (Кант) – "Алай" (Ош) 2:0

Голдор: А.Жумашев (44-мүнөттө), И.Филатов (54-мүнөттө)

"Алга" (Бишкек) – "Дордой" (Бишкек) 0:0

Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 12-турунун акыркы оюну Бишкек шаарынын "Дордой" стадионунда орун алды. Анда эки команда тең гол киргизе албай оюн 0:0 эсеби менен жыйынтыкталды. "Дордой" командасынын оюнчулары гол киргизгенге жакын болгону менен, "Алганын" оюнчулары жана "Дордойдун" жолу болбогондугу ага жол берген жок. Бул тең эсеп менен "Алга" командасы 10 упай топтоп 5-орунда болсо, "Дордой" командасы 19 упай менен 2-орунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.08.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алай анча мынча женилип бербесе кызыксыз болуп калат Топ лига))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: