super.kg logo
  Спорт  

Ысык-Көлдө 25-31-августта спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Манас оюндары" өткөрүлөт

 
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысынын орун басары Канатбек Арпачиев

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 25-31-август аралыгында спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Манас оюндары" өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысынын орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш 4 жылда 1 жолу өткөрүлөт. Мелдеште 63 медалдык комплекттери ойнотулат, жалпы эсеп менен спортчулар 189 медалга ээ болушат.

"Мурда бул мелдеш спартакиада деп аталчу, 2013-жылы "Манас оюндарына" алмашкан. Улуттук спорттун түрлөрү боюнча чоң мелдеш. Бул оюндар 4 жылда бир жолу, Кыргыз мамлекетинин ар кайсы облусунда өтүшү керек. Быйыл Нарын облусунда өтмөк, бирок шарт болбогону үчүн Чолпон-Атадагы жаңы курулган ат майданында жана "Газпром" дене тарбия-спорттук комплексинде өткөрүлмөй болду. Ошондой эле Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданы реконструкция болуп жатканына байланыштуу көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн кубогу "Манас оюндарынын" алкагында өткөрүлөт. "Манас оюндарына" ар бир облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын курама командалары катышат. Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт, алар көк бөрү, тогуз коргоол, ордо, алыш, эр эңиш, салбуурун, кыргыз күрөш жана ат чабыш мелдештери", - деди Канатбек Арпачиев.

Мелдештердин аягында жалпы командалык жыйынтык чыгып, курама командалар байге менен сыйланат.

Байге фонду:

1-орун: 1,5 миллион сом;

2-орун: 1,2 миллион сом;

3-орун: 1 миллион сом;

4-орун: 500 миң сом;

5-орун: 300 миң сом.

Маалымдама:

"Манас оюндары - 2013" мелдешинин жеңүүчүлөрү:

1-орун - Чүй облусу;

2-орун - Талас облусу;

3-орун: Бишкек шаары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: