super.kg logo

Бүгүн ажыга барчулардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетишти

 

Бүгүн, 7-августта эл аралык "Манас" аэропортунан ажыга барчулардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу Кыргыздын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

"Бишкек шаарынан жөнөп жаткан ажыларды муфтий Максатбек Токтомушев, муфтийдин орун басарлары Жоробай Шергазыев, Замир Ракиев жана Сауд Арабия өлкөсүнүн Кыргыз жериндеги элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жумалар узатышып, алар үчүн жакшы тилектерин айтышты. Муфтий Максатбек Токтомушев ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткан мекендештерибизге Сауд Арабиянын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, эли-журтубуз үчүн ыйык жерден дуба кылууга чакырды", - деп айтылат Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматында.

Айта кетсек, быйылкы жылы ажыга барчулар 15 каттам менен жөнөтүлөт. Алардын ичинен 3 каттам Бишкек шаарынан болсо, калган 12 каттам Ош шаарынан кетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
07.08.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ма Ша Алла ажылык сапарыныздар ийгилуктуу отсун Аллахым ажылыгыныздарды кабыл кылсын! 18деги каттам мн жолдошум ажы тобу мн учат. Жаратканыи баарыбызга ажыга баарууну насип этсин
07.08.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ин ша аллах ар бир муусулманга насип кылсын ажыга барыш
09.08.2017. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун экинчи группа учпай жаткандыгы жонундо кимдир бироодо маалымат болсо жазып койосуздарбы, кыжаалат болуп жатам атам учмак эле. Аллахым ыраазы болсун.
09.08.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажылыгыныздарды Аллаh озу кабыл кылсын! Баарыбызгы да ажылыкты насип кылсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: