Кыргыз мушкери Умар Кубанычбек уулу жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

Филиппиндин Пуэрто-Принсеса шаарында 1-7-август аралыгында өтүп жаткан жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкери Умар Кубанычбек уулу күмүш медаль тагынды.
Маалыматка ылайык, Кыргыз спортчусу Умар Кубанычбек уулу 63 килограммга чейинки салмак ченинде финалда өзбекстандык Нурислом Исмоилов менен беттешкен. Анда 3 раунддук беттештин жыйынтыгында, 4:1 эсеби менен калыстар тобу жеңишти өзбекстандык мушкерге берди. Өзбекстандык спортчу алтын медалга ээ болсо, Кыргыз мушкери Умар Кубанычбек уулу күмүш медалга ээ болду.
Маалымдай кетсек, Умар Кубанычбек уулу алгачкы беттеште БАЭ өлкөсүнүн мушкери Амер Алсувайдерди жеңген, жарым финалда Кыргыз спортчу таиланддык спортчу Вирапон Жонжойонун үстүнөн жеңишке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
keba300989

07.08.2017. 15:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чарчап калганда өзбекке салыптырда, эмне болгондода куттуктайбыз бирок кимден жеңилсеңда ошону утканыңда майрам кылат болчум.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.