super.kg logo

Америкалык актриса Эмбер Хёрд менен миллиардер Илон Масктын эки ажырым жолго түшкөнү айтылууда

 

Эмбер Хёрд жана Илон Маск

Америкалык актриса Эмбер Хёрд менен миллиардер, “Tesla жана SpaceX” корпорациясынын негиздөөчүсү Илон Маск эки ажырым жолго түшүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, түгөйлөрдүн эки башка жолго түшүүсүнө миллиардердин Эмберден көңүлү калганы себеп болгон. Анткени соңку кездерде актриса Илонго олуттуу мамиле кылбай калган. Алар мындан бир жума мурун таарынышып кетишкени менен, коомчулукка эми гана белгилүү болгон. Түгөйлөрдүн жакындарынын бири бул тууралуу кыскача маалымат берген. Анда “актриса Илондун мурунку жубайынан төрөлгөн балдары менен таанышып, жакында ага турмушка чыгуу алдында турган”, - деген ал.

Айрымдардын айтуусунда экөөнүн таарынычына актриса социалдык тармакка жүктөгөн сүрөт себеп болгон. Анда фотосессия учурунда актрисанын жанында турган стилист Жонни Вуджендин ийининде кызыл ооз боёгучтун изи менен ооздун сүрөтү тартылып турган. Бирок социалдык түйүндүн колдонуучулары бул сүрөттү актриса жөн гана элдин көңүлүн бурдуруу үчүн киргизгенин айтышууда. Себеби “көптөр стилисттин салттык эмес ориентацияда экенин билишет” деп жазышкан алар.

Түгөйлөр бул маалымат тууралуу расмий билдирүү таратыша элек. Азыркы учурда Илон Маск Лос-Анжелесте болсо, актриса Австралияда жүргөнү айтылууда.

Актриса мурунку жолдошу Жонии Депп менен

Белгилей кетсек, Эмбер Хёрд буга чейин Жонни Депп менен үй-бүлө куруп, жолдошунун көп кол көтөргөндүгүнө байланыштуу ажырашып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бизге жетишкен жашоо жетишпейт, буларга эмне жетишпейт дейм да. Кооп бала чакалуу болуп жыргап жаша
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: