super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Текебаев жарыш сөздө 100 барак окуйт

 

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум болду. Анда айыпталуучулар суралып, соттук териштирүү аягына чыкты.

Чотонов бүгүнкү соттук териштирүүдө Леонид Маевский жана Алексей Модин менен Бишкекте алгачкы жолу 2010-жылдын август айынын экинчи жарымында жолугушканын айтып берди.

"Жолугушуу август айынын аягында Талант Маматкеримов аркылуу Бишкектеги кафелердин биринде болгон. "Четыре сезон" деген кафеде жолугушканбызбы же башкадабы, так эсимде жок. "Ата Мекен" партиясынын алдына шайлоого карата Москвадан колдоо табуу боюнча тапшырма коюлган. Маевский Москвадагы саясатчылар менен жана телеканалдар менен жакшы мамиледе экендигин айтканынан кийин ушул тууралуу сүйлөштүк, "Мегаком" жана 1 миллион доллар боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Анан мен Текебаевге кирип "анын мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, жакында Москвага баратасыз, сүйлөшүп көрүңүз" деп сунуштагам. Кийин Текебаев Москвага барганда ал тосуп алды", - деди.

Ошондой эле ал өз сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев аны убагында Өзбекстандагы туугандарынын бирине окшоштуруп аябай жакшы көргөнүн кошумчалады.

"Убактылуу өкмөттүн курамы түзүлүп, мен да ага мүчө болгом. 7-апрель күнү Курманбек Бакиев Жалал-Абадга качып кеткенден кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон адамдар түнкү саат 12ден кийин Ак Үйдөн чыгып Алмазбек Атамбаевге бардык. Ал "Форумдун" имаратында отурган экен. Ал жерден абалды кантип жөнгө салуу боюнча сүйлөштүк. Атамбаев мени Өзбекстандагы агасына же инисине окшоштурарын айтып, мени жакшы көрчү. Анан айтып калды "сени Ошко губернатор кылалы" деп, мен "Сооронбай Жээнбеков азыр Ошто экен, ошол болом деп жатыптыр" десем, Өзгөчө кырдаалдар министри бол деп сунуштады. Анан ушул кызматка келип калдым. Ушул жашыма келип мен эч качан пара талап кылган эмесмин. Алганга мүмкүнчүлүк болуп турганда да алган эмесмин. Мен албагандарды башкалар алып, азыр байып, ар кайсы кызматта отурушат. Мен таза иштеп келген кишимин", - деди Чотонов.

Ал эми Өмүрбек Текебаев жарыш сөзгө даярдануу үчүн соттон убакыт берүүнү суранды. Анын жактоочусу Канат Хасанов "2 жума убакыт бериңиз. Текебаев жарыш сөздө 100 барак окуйт. Биз аны жазып жетишпейбиз" деди.

Сот тараптардын макулдугу менен сотту 9-августка жылдырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
07.08.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо акыры аягына чыгыптырда. Сот 9-августта болсо чечилеби баары же дагы жылып кетеби?
07.08.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кытай Япония же Корея ондуу мамлекеттерде оз мамлекетинин сврын алдырвп чет жактардан колдоо алгандар созсуз жазаланат, а бизде саясатты билбей акча менен келип калган башкаруучулар оздору эле Москвадан колдоо кутушуп Путинди коптурушту. Биз суверендуу мамлекетбиз деген саясат жок болду Россиянын обласындай эле багытта баратабыз. Эми чыныгы саясатчылар келбесе келечегибиз кооптуу.
07.08.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошонучн бизге Мадумаров керек
07.08.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок азыр Москвага ты кто такой дей албайвыз, бирок андан тура пайдаланып озубузду ондоп алгыча унчукпай куто турганыбыз он.
07.08.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Грузия мурдагы Совет олколорунон эн криминалдуу арта калган мамлекет эле, Соокашвилли кыйын катуу президент экен Орустарго кто такой демектен согуш ачып жибердиго(2006 Беслан) Орус саясатвнан коз карандысыз Грузия азыр СНГ олколорундо биринчи орунга чыкты. Биздин кайран эл кайрадан Грузиядан машина заказ кыла баштады.
07.08.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jbolotov,там хорошо где нас нет.
07.08.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маевскийди да жазага тартыш керек да?! Ал 1миллион долларды кантип чек арадан алып кирип кеткен? Дагы жакшы Текебаев алып алыптыр, терорристердин колуна тийсе эмне болмок эле элететип коргуло эми? Кыргызстанды ИГИЛдер басып алышмак ошол акчага!
07.08.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уф деги бутобу бул сот. Сериал болду го. Озунчо эле "Великолепный век" сезондору менен
08.08.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Те-Ке чыкканы жакшы
08.08.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боштондук
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: