Алмазбек Атамбаев: "Владимир Жириновскийдин сөзүнөн Кыргызстанды кемсинте турган эч нерсе көргөн жокмун"

"Владимир Жириновскийдин сөзүнөн Кыргызстанды кемсинте турган эч нерсени көргөн жокмун". Мындай сөздү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 21-майда журналисттер менен болгон жолугушууда айтты. “Жириновский кийинчерээк өз оюнда эмнени айткысы келгенин билдирген башка интервью бербедиби. Биз чымындан пил жасаганды жакшы көрөбүз. А чындыгында ал Ысык-Көлдүн жаратылышына суктануу менен карап келет”,- деди Атамбаев. Ошондой эле мамлекеттик карыздарды сөзсүз түрдө кайтаруу керектигин кошумчалады өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
-1

