Балыкчы шаарынын мэринин делген телефон сүйлөшүүсү интернетке тарады. Ал сөгүнгөн сөздөр менен коштолгон
Бүгүн, 7-август күнү уят сөздөр менен коштолгон телефон сүйлөшүү интернетке тарады. Маалыматтарга караганда, андагы сүйлөшүү Балыкчы шаарынын учурдагы мэри Алмаз Мамбетов менен аталган шаардын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудиновдун ортосунда болгону айтылат.
Интернетке тараган телефон сүйлөшүүдө Алмаз Мамбетов кайсы бир маселе боюнча Сатыбек Шамшудиновду сөгүп жатканын угууга болот.
Бул боюнча Балыкчы шаардык мэриясына кайрылганыбызда, басма сөз кызматынын өкүлү интернеттеги телефон сүйлөшүү боюнча шаар мэри эч кандай комментарий бере албасын айтты.
Ал эми Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудинов интернетке тараган сүйлөшүү боюнча SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Ооба, чынында эле ошондой сүйлөшүү 10-июль күнү саат 09:03 мүнөт өткөндө болгон. Шаар мэринин мага чалуусуна Балыкчы шаардык кеңешине жазылган кайрылуу себеп болгон. Анда "Бийлик элдики" деген коомчулуктун атынан "Шаар мэри бир жылда аткарган иштери боюнча отчёт берсин" деп кайрылуу жасап, ага коомчулуктун мүчөлөрү кол койгонбуз. Анан мага ал "эмнеге кол коёсуң" деп нааразы болуп жатат. Коомчулуктун мүчөлөрү аларга карата "колу-бутун байлап, көлгө чөктүрөм" деген шаар мэринин сөзү боюнча сотко кайрылышты", - деди экс-мэр Шамшудинов.



Алмазга (мэрге) коп нерсе айткым келди эле, админ банга айдабасын деп айта албай турамын. Болбосо ошого окшогон ..... ордуна отургузуп кою ар экинчи кыргыз эркегинин колунан келет... Ишенген тоосу криминал же Атамбаев болсо дагы.....
Мына силерге СДПКчылар кимдер!!!!!
Бул аудиожазуу менен таанышкан адамдардын 1/100 гана сага окшобосо.......
Силерге койсо СДПКчылар баары жаш кадр, келечектен копту умуттондурчу кадрлар... Бирок эмнегедир ошол жаш кадрлар эч эле умутунорду, ишеничинерди актаганы корунбойт да?!!...
Жогорудагы мэр сорой жакшы иштегени ырас болсо, эл жылдык отчет сураса ушунча болобу?!! Кылган-аткарган иштери болсо, суйунуп отчет бербейт беле?!! Балыкчыны сатып алгансып суйлоптур го, мен Балыкчынын мэри, баарын .