super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-АВГУСТ: Орусиялык жана украиналык ырчы София Ротару 70 жылдык юбилейин белгилеп жатат

 

Эстрада ырчысы, СССРдин Эл артисти София Михайловна Ротару бүгүн 70 жылдык юбилейин өткөрүп жатат. Ал 1947-жылы 7-августта Украинада жарык дүйнөгө келген.

Ырчы туулган күнүн жакындары менен Сардиния аралдарында белгилеп жатат.

София Ротаруну Орусиянын президенти Владимир Путин туулган күнү менен куттуктады. Анда: "Сиз эстраданын жылдызы, таланттуу ырчы катары элдин сүймөнчүлүгүнө ээсиз. Сиздин дарегиңизге айтылган ар бир каалоо-тилектерге кошулам жана сизге ден соолук, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм", - деп айтылат.

София Ротару айылдык дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, айыл жергесинде чоңойгон. Ата-энеси алты баласын тең жаш кездеринен эмгектенүүгө үйрөтүшкөн эле. Алардын арасында София дагы ушундай бекем тарбия алган. Кичине чагынан эле талаа жумуштарына кол кабыш кылып, кара жумушту катыра аткарган. Ал эми чоңойгондо болсо турмуштун дагы бир кыйынчылыгы башына түшүп, базарда жемиш сатып оокат кылчу экен.

Мектепте окуп баштаганда эле чиркөөдөгү хордо ырдап, майрамдык салтанаттарга катышып жүргөн. 1968-жылы Черновиц музыкалык окуу жайынын дирижёрлук жана хор бөлүмүн, 1974-жылы Кишинёвдогу искусство институтун аяктаган.

1968-жылы Ротару чыгармачылык топ менен бирге Болгарияда өткөн IX Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалына катышып, алтын медаль, элдик ырларды аткаруу боюнча биринчи орунду жеңип алган.

1971-жылы өзүнүн ансамблин түзүп, Черновицктеги филармонияда иштөөгө сунуш алат. Ансамблдин көркөм жетекчиси болуп ырчынын күйөөсү Анатолий Евдокименко дайындалат. Андан кийин ал София Ротарунун бардык концерттеринде режиссёр болуп келген.

Өзүнүн чыгармачылык жолунда Ротару 400дөн ашуун ырды аткарган. Алардын көпчүлүгү советтик жана украиналык эстрадасынын классикасы болуп калды. Ырчы 30дан ашуун альбомун чыгарган. Акыркы музыкалык альбомдору катары 2011-жылы чыккан "Жан дүйнөм учат", "Кечир" (2013), "Кыш" (2016) деген эмгегин айтууга болот.

Ырчы күйөөсү менен.

Ырчы Украинанын Эл артисти Анатолий Евдокименкого турмушка чыгып, Руслан аттуу уулдуу болушкан. Жолдошу 2002-жылы дүйнө салган.

София Ротару неберелери менен.

7-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.08.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун ырчы, эч бир жаман соз уга элекмин София Ротару жонундо.
07.08.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага жагат ушул ырчы, негизи мага жаккан айымдар картайбайт окшойт.
07.08.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы аял эч ачык кийим кийип чыкпайт ошону учунда сыйлайм. Туулган кунуз менен дейбиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: