super.kg logo

Аялдардын төшүнүн өлчөмүнө жараша арзандатуу берген ресторан коомчулуктун нааразычылыгынан улам акциясын токтотту

 

Ушул жылдын август айынын башында Кытайдын Ханчжоу шаарындагы ресторандардын биринде өзгөчө акция орун алган. Тамактануучу жайдын сыртына илинген жарнамадан айымдардын ич кийим менен биринин артынан бири тизилип турганын көрүүгө мүмкүн болгон. Себеби акциянын жүрүшүндө ресторанга келген аялзатына төшүнүн өлчөмүнө жараша арзандатуулар берилген. Буга жергиликтүү тургундар нааразы болушуп, бул нерсе аялдарга болгон тең укуктуулуктун жоголушуна алып келерин айтышкан. Ал эми ресторандын менеджери Лан Шенгганг буга байланыштуу өз пикирин билдирген.

“Бул аракетибиз башталгандан бери кардарларыбыздын саны 20 пайызга өстү. Биздин айрым кардарлар өздөрү менен сыймыктанып жатышты, себеби алардын жашыра турган эч нерсеси жок. Эгер айымдар көкүрөгүн эркектерге көрсөтүп кирүүдөн уялышса, тейлөөчү кыздарга деле көрсөтүшсө болот”, - деген ал.

Учурда коомчулуктан түшкөн нааразычылыктардан улам ресторан акцияны токтотууга аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, бул Кытайдагы ресторандарга байланыштуу алгачкы өзгөчө акция эмес. Буга чейин кардарларды тартуу үчүн кээ бир тамактануучу жайлар кыска юбка кийип келген кыздарга 20 пайыздан 90 пайызга чейинки арзандатууларды сунуштап, айрымдары сулуу кардарларга акысыз тамак берүү акцияларын уюштуруп келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
08.08.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооой шумдуктуу рестаранго. ХХХХ турган экен муну.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-08 10:57:33
08.08.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
OMURBEK., этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
08.08.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ го бул жагы
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-08 14:10:44
08.08.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pero123, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
08.08.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылаарга иштери жок калган го дейм
09.08.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фото жокбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: