super.kg logo

“Bishkek Travel” компаниясы “ХОРГОС” эл аралык чек ара кызматташтык борборуна визасыз саякаттоону сунуштайт

 

Bishkek Travel” туристтик-транспорттук компаниясы сиздерге жагымдуу менен пайдалууну айкалыштырууну сунуштайт. Тагыраак айтканда, учурда өлкөбүздүн жарандарынын арасында белгилүү болуп жаткан казак-кытай чек арасындагы “ХОРГОС” эл аралык чек ара кызматташтык борборуна саякаттап, аны менен бирге кытайлык өндүрүүчүлөрдүн товарларын өз баасында жана бажы салыксыз сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүдө. Ал үчүн визанын да кереги жок, сизден болгону мөөнөтү бүтө элек жалпы жарандык паспорт талап кылынат.

“Bishkek Travel” туристтик-транспорттук компаниясы “ХОРГОС” борборуна жуманын ар күнү бир күндүк, ар шейшемби жана жума күндөрү эки күндүк шоп-турларды уюштурат. Эгер сиз “шоппингдин” сүйүүчүсү болсоңуз, чоңураак сумка жана теңге валютасынан көбүрөөк алыңыз, себеби ал аймакта соода борборлор басымдуулук кылат жана бардык товарлар теңге менен бааланат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынан “ХОРГОСко” чейин 12 сааттык жол. “12 саат бою отуруп бара албайм” десеңиз, жатып да барсаңыз болот. Ооба, автобустун ичинде керебеттер да бар. Ошондой эле жүргүнчүлөргө ысык чай жана кофе сунушталат. Автобус Бишкектин убактысы менен саат 18:00дө чыкса, кыргыз-казак чек арасына 1 саатка жетпеген убакытта кирип барат. Бул чек арадагы кызматкерлерге миграциялык баракчаңыз менен ID-картаңызды көрсөткөнүңүз жетиштүү. Түнү менен Казакстандын аймагынан өтүп, кийинки күнү саат 7:00 чамасында казак-кытай чек арасына жетесиз. Айта кетчү жагдай, аталган борборго кирүүнү каалагандар өтө көп болгондуктан, кезек көбүрөөк созулуп калышы мүмкүн. Гидден калбай, кезекке эрте туруп, эч кимди алдыңызга чыгарбоону сунуштайбыз. Бул аймактын убакыты Кыргыздыкынан 2 саат алдыда. Андыктан соода борборлор ачыла элек деп кабатыр болбоңуз. Чек арадагы текшерүүдөн өткөн соң сиз “ХОРГОС” эл аралык чек ара кызматташтык борборуна киресиз. Такси кызматы ал маалда иштебегендиктен, борборго автобуска түшүп жетесиз. Кытайдагыдай элдин санын элестетпеңиз, бош көчөлөрдү көрүп таң калбаңыз. Себеби ал жакта жашагандардын саны аз, алардын көбү сатуучулар.

Эгер сиз 2 күндүк тур менен барсаңыз, дароо мейманканага жайгаштырыласыз. Андан соң соода борборлорун кыдырууга аттана бериңиз. Шашпаңыз, сиздин 2-күнүңүз да бар. Баалардын төмөндүгүнөн теңгелерди көтөрүп алып, “кантип коротом?” деген суроо беришиңиз мүмкүн, экинчи күндү унутпаңыз. Соода борборлорун өзүңүз менен чогуу барган мекендештер менен кыдырсаңыз ыңгайлуу, чогуу тамактанууга да шерик болот.

Ал эми эгер сиз бир күндүк турга барсаңыз, дароо соода борборлорун кыдырууга шашылыңыз. Эң негизгиси коркпоңуз. Ал аймакта эч ким башка бирөөнүн оокатына кол салбайт. Бул ызы-чууда тамактанууну унутпаңыз. Эгер сиз кытай ашканасынын сүйүүчүсү болбосоңуз, казак, уйгур ашканалары да бар. Саякатыңыз бүткөн соң товарларыңыз 50 килограммга жетпесе, бажыны көздөй бет ала бериңиз. Эгер бул салмактан ашып кетсе, сизге жардам берчүлөр чыгарына кепилдик беребиз.

Автобуска кечикпеңиз. Башкаларды күтүү ыңгайсыз экенин эске алыңыз. Жагымдуу саякат!

Дареги: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 429, 5-кеңсе, байланыш номери 0 (554) 882 128.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(18)
08.08.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керектуу маалымат экен, кызыгып калдым, барып соода кылганга ынгайлуу шарттар бар болсо, кандай сонун!!!
08.08.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айи соонун экен , баргып келип кетти. Буюрса барам , кайсыл компания менен барыш керек экенин билип алдым ))
08.08.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дордой ушундай эледа эми Казак туугандарга отуп кетти, Атамбаевдин эл учун кылган кашасы ушул
08.08.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы булар менен барып келгем, баары жакшы.
09.08.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lesa123,казактар базар ачып алса да Атамбаевди куноолой бересинерби?! Жашоо учун курошто кучтуусу женет
hebo90k түзөттү 2017-08-09 09:26:11
09.08.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
hebo90k, не туда попал твой коммент)))
09.08.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TIMON_BERKOWITZ, :-) бирок айтканымды тушунсонор болду
hebo90k түзөттү 2017-08-09 10:53:32
09.08.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hebo90k,Дордой орто азиядагы эн чоон базар болуп эсептелген экен, ВТО то болгондуктан товарларды алып келуу бизге арзан тушкондуктон орустар казактар тажик озбек баары келип соода кылышчу
08.08.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон бери баргым келип журот, баары жакшы деп коп атйтат. быйыл барат окшойм
08.08.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Огоо, эмнеле тааныштар бизнес баштадым, товар тартып дешет, көрсө бул жакта мүмкүнчүлүк түзүп берип коюптур да, жакшы.
08.08.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы баргым келип журот. Паспорт жазатсам барам буюрса.
08.08.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча сом кетет экен?
08.08.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Iniesta8, 2000 сомго барып келгенбиз. Анан жанына товар алгандай акча алыпш керек
08.08.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lesa123,рахмааат
08.08.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lesa123,2000сом барып келишинеби же барганына 2 келгенине 2минби?
09.08.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha,барып келгени 2000 сом
08.08.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурун казактар биздин Дордойдон соода жасашчу. Ал эми оздорундо Хоргос ачылгандан бери биздин Дордойго барышпайт. Бирок тамагы кымбат, товарлары го арзан дешет барып келгендер.
09.08.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соода кылгандардан уккан элем, товар алып келгенче ар жагынан кыса берет типа рекеттер дегендей, хоргоско барып алып келгенин Кытайга эле барып келгендей болосун дешетко?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: