Тоң районундагы Орто-Токой суусунан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Орто-Токой суусунан 25-30 жаш чамаларындагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-август күнү саат 21:39 чамасында Көк-Мойнок айылындагы Орто-Токой суусунда 25-30 чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жансыз дене даракка туруп калгандыктан суудан чыгарып алууга мүмкүн болгон эмес. Жансыз дене бүгүн суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.